Супер келинчек
Супер келинчек
| |
Super kelinchak | |
Тасманын Өзбек тилиндеги расмий постери | |
Жанры | |
---|---|
Режиссёру |
Бахром Якубов |
Продюсери |
Наргиза Салом |
Сценарийдин автору |
Бахром Якубов |
Башкы ролдордо |
Диана Ягофарова |
Оператору |
Умид Маликов |
Композитору |
Убайдулла Каримов |
Кинокомпания | |
Узактыгы |
103 мүнөт |
Өлкө | |
Тили | |
Жылы | |
IMDb |
«Супер келинчек» (өзб. Super kelinchak) — Режиссёр Бахром Якубов тарабынан 2008 жылы тартылган кинокомедия жана мелодрама жанрындагы өзбек көркөм тасмасы.
Мазмуну
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тасма түбөлүк маселе болгон кайнене менен келиндин мамилесин козгойт. Заманбап кыз Диана шаардагы боулинг ойногон клубдан Сардор аттуу жигитке жолугат. Экөө ким утат деп мелдеше кетишип, ортого минген машиналарын коюшат. Диана баарынын оозун ачырып, жеңип алат. Бирок сүйлөшүлгөндөй ал Сардордун машинасын алуудан баш тартып, досторунун алдында уят кылып басып кетет. Натыйжада, ызаланган Сардор досу менен кайра мелдешет. Бул жолу ал жеңип чыгып, Дианага үйлөнөт. Диана башка улуттан болгондуктан, Сардордун апасы уулунун ага үйлөнүүсүнө каршы чыгат. Анын үстүнө, кичинекейинен өзү сүйлөшүп койгон кошунасынын кызын албай койгондугу үчүн уулуна жини келип, ар кандай шылтоо менен келинин кетирип жиберүүнү көздөйт. Өзгөчө кайненесинин дарыгер менен макулдашып, эки жашка экөө балалуу боло албастыгын айткан маалымдайт, айтор, байкуш Диана сүйгөнү үчүн көп кыйынчылыктарга дуушар болот. Анан, албетте, аягы бактылуу аяктайт.
Каармандарда
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Дтана Ягофарова — Диана (супер келинчек)
- Адиз Ражабов — Сардор (Диананын күйөөсу)
- Саида Раметова — Мунира-апа (Диананын кайненеси)
- Мурад Ражабов — Алишер-ака (Диананын кайнатасы)
- Назим Туляхожаев — Карен[2] (Диананын атасы)
- Элизавета Карали — Клара (Диананын апасы)
- Санжар Шадиев — Илхом (Сардордун досу)
- Гулчехра Насирова — Севара-апа
- Дилноза Махмудова — Гулчехра
Эскертме: Карен жана Клара ысымдары тасмада көрсөтүлбөйт.
Кошумча маалыматтар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- 2008-жылы эң көп киреше алып келген өзбек тасмасы болгон.
- 2008-жылы Кыргызстандын, Казакстандын, Тажикстандын кинематографисттери катышкан Борбордук Азия кинофорумунда атайын сыйлыкка ээ болгон.
- Боулинг ойноп жатканда боулингдин таштары кулаган кадрды бир эле жолу тартышып, көп эпизодго колдонушкандыгын байкоого болот.
Шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Страница фильма на сайте студии «Futurist» Archived 2014-09-20 at the Wayback Machine
- ↑ «Futurist» студиянын расмий сайты. Futurist.uz
- ↑ Тасманын сайтында — Ашот. superkelinchak.uz Archived 2010-12-10 at the Wayback Machine