Сурабалдиева, Эльвира Жыргалбековна
Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева — ишкер, саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкер
Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна | ||||
![]() | ||||
Эльвира Сурабалдиева | ||||
| ||||
---|---|---|---|---|
4-октябрь 2015-жыл — 27-октябрь 2020-жыл | ||||
| ||||
октябрь 2020-жыл — февраль 2021-жыл | ||||
Андан мурунку: | Аида Исмаилова | |||
Туулган жылы: | 23 -ноябрь 1978 (44 жаш) | |||
Туулган жери: | Бишкек | |||
Атасы: | Жыргалбек Сурабалдиев | |||
Билими: | Жусуп Баласагын атындагы кыргыз улуттук университети | |||
}
Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Үйбүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу, эки сиңдиси, бир иниси бар. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Апасы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кызы.[1]
Билими жана эмгек жолунун башталышы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Эльвира 2000-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык байланыштар" адистиги боюнча аяктап, билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча уланткан.
2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.
2006 — 2015 —жылдары Бишкек шаарындагы "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.
Саясый тажрыйбасы[түзөтүү | булагын түзөтүү]
Сурабалдиева Эльвира 2015 — жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократтар партиясынан (КСДП) Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган. 2020-жылы октябрда Сурабалдиева Ата-Мекен (партия) менен шайлоого катышкан. 2020-жылы 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоо көпчүлүк элдин толкундоосунан кийин жокко чыгарылып, VI чакырылыштын депутаттары кийинки шайлоого чейин мөөнөтү узартылган. 2020-жылы 27-октябрда эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.[2]
2020 - жылдын 28-октябрында Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, бул кызмат орду жоюлган.
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуу (2022)[түзөтүү | булагын түзөтүү]
2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарынын төрт шайлоо округунун экөөсүндө “Баарына каршы” варианты эң көп добушка ээ болуп, алардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлай алышкан эмес. 28-ноябрда БШК төрайымы Нуржан Шайлдабекова «Бишкектин айрым шайлоо участкаларында "баарына каршы" варианты талапкерлерге караганда көбүрөөк добуш алып «Шайлоо мыйзамынын 37-беренесине ылайык, мындай учурларда шайлоо жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалат», - деп түшүндүрдүргөн.
Эльвира Сурабалдиева Бишкек шаарынын No27 Биринчи Май шайлоо округу боюнча кайра шайлоодо 25 талапкер менен ат салышты. 2022-жылдын 28-февралына карата алдын ала жыйынтыкта Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна Биринчи Май шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышкан шайлоочулардын 47,89% добушуна ээ болгон.[3] Учурда АСУ менен кол саноо иштери жүрүп жатат. Официалдуу маалымат 12-мартта чыгат.
Интернеттеги шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]
- ↑ https://sputnik.kg/20180218/surabaldieva-ehlvira-zhyrgalbekovna-omur-bayany-1037801508.html
- ↑ https://sputnik.kg/20201027/elvira-surabaldieva-mandatynan-azhyrady-1050221810.html
- ↑ https://www.shailoo.gov.kg/ru/Kandidaty_Talapkerler/Spisok_kandidatovTalapkerlerdin_tizmesi/reestr-zaregistrirovannyh-kandidatov/