Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна
| Сурабалдиева Эльвира Жыргалбековна | ||||
| Эльвира Сурабалдиева | ||||
| ||||
|---|---|---|---|---|
| 4-октябрь 2015-жыл — 27-октябрь 2020-жыл | ||||
| ||||
| октябрь 2020-жыл — февраль 2021-жыл | ||||
| Андан мурунку: | Аида Исмаилова | |||
| Туулган жылы: | 23 -ноябрь 1978 (47 жаш) | |||
| Туулган жери: | Бишкек | |||
| Атасы: | Жыргалбек Сурабалдиев | |||
| Билими: | Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университети | |||
Эльвира Жыргалбековна Сурабалдиева — ишкер, саясатчы, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VI чакырылышынын депутаты, Кыргыз Республикасынын 2020-жылдагы вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин VII чакырылышынын депутаттыгына талапкер.
Өмүр баяны
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эльвира Сурабалдиева 1978-жылы 23-ноябрда Фрунзе (азыркы Бишкек) шаарында туулган. Үй-бүлөдө төрт бир туугандын эң улуусу, эки сиңдиси, бир иниси бар. Атасы Жыргалбек Сурабалдиев Сокулук районунан чыккан белгилүү ишкер болгон. Кийин Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланган. Апасы Ысык-Көлдүн Ак-Суу районунун кызы.[1]
Билими жана эмгек жолунун башталышы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Эльвира 2000-жылы Бишкектеги Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетин "эл аралык мамилелер" адистиги боюнча аяктап, билимин Улуу Британиянын Бристоль университетинде ушул эле адистик боюнча уланткан.
2004-2006-жылдары Социалдык фонддун тышкы байланыштар жана маалыматтар бөлүмүндө катардагы адистен бөлүм башчылыкка чейин көтөрүлгөн.
2006 — 2015 —жылдары Бишкек шаарындагы "Кудайберген" автоунаа базарынын башкы директору болуп иштеген.
Саясий тажрыйбасы
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Сурабалдиева Эльвира 2015 — жылы 4-октябрда өткөн парламенттик шайлоодо Кыргызстан социал-демократтар партиясынан (КСДП) Кыргыз республикасынын Жогорку Кеңештин VI чакырылышына депутат болуп шайланган. 2020-жылы октябрда Сурабалдиева Ата-Мекен партиясы менен шайлоого катышкан. 2020-жылы 4-октябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине өткөн шайлоо көпчүлүк элдин толкундоосунан кийин жокко чыгарылып, VI чакырылыштын депутаттары кийинки шайлоого чейин мөөнөтү узартылган. 2020-жылы 27-октябрда эл өкүлү өз ыктыяры менен мандатын тапшырган.[2]
2020 - жылдын 28-октябрында Эльвира Сурабалдиева Кыргыз Республикасынын вице-премьер министринин милдетин аткаруучу болуп дайындалган. 2021-жылдын февраль айында өкмөттүн жаңы курамы түзүлүп, бул кызмат орду жоюлган.
Саясий партиялар тизмеси шайлоого катышуусу (2015)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2015-жылдын 4-октябрында Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын тизмеси боюнча VIчакырылыштагы Кыргыз Республикасынын Жогорку Кенешинин депутаты болуп шайланган[3].
Бир мандаттуу шайлоо округу боюнча кайра шайлоого катышуусу (2022)
[түзөтүү | булагын түзөтүү]2021-жылдын 28-ноябрында өткөн Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоодо Бишкек шаарынын төрт шайлоо округунун экөөсүндө “Баарына каршы” варианты эң көп добушка ээ болуп, алардан Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлай алышкан эмес. 28-ноябрда БШК төрайымы Нуржан Шайылдабекова «Бишкектин айрым шайлоо участкаларында "баарына каршы" варианты талапкерлерге караганда көбүрөөк добуш алып «Шайлоо мыйзамынын 37-беренесине ылайык, мындай учурларда шайлоо жараксыз деп табылып, кайра шайлоо дайындалат», - деп түшүндүргөн.
Булактар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тышкы шилтемелер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]| Кыргызстан парламентинин депутаттары | |
|---|---|
| Жогорку Кеңеш | I (1995—1999) • II (2000—2005) • III (2005—2007) • IV (2007—2010) • V (2010—2015) • VI (2015—2021) • VII (2021—2025) • VIII (2025—) |
| Жогорку Совет | 1 • 2 • 3 • 4 • 5 • 6 • 7 • 8 • 9 • 10 • 11 • 12 |

