Мазмунга өтүү

Суроо-талап

Википедия дан

Суроо-талап деген:

1) сатып алуучулар мүмкүн болуучу ыңгайлуу баада, белгилүү учурда, белгилүү бир жерде сатып алууну каалашкан жана сатып алышы мүмкүн болгон белгилүү бир товарлардын же кызмат көрсөтүүлөрдүн саны;

2) базар нугунда калыптанган жана ага ылайык акча каражаттары менен камсыздалган керектөөлөрдү чагылдырган көрүнүш. Анын өлчөмү товарларга (продукция, кызмат көрсөтүүлөр) белгиленүүчү бааларга жана керектөөчүнүн төлөө жөндөмдүүлүгүиө тыгыз байланыштуу.

Суроо-талап ар кандай факторлордун таасири астында калыптанат, алар детерминаттар деп аталат:N- калктын саны, Рх- товардын баасы,Ру- орун алмаштыруучу товардын баасы, Т- каалоолор,I- кирешелер, Е- күтүүлөр.

Эгерде товарларга баа өссө, суроо-талап төмөндөйт, ал эми өндүрүш базарга көбүрөөк товарды чыгарса, алар арзаныраак сатылып суроо-талап күчөйт. Суроо-талапка бир катар факторлор таасирин тийгизип турат. Суроо-талаптын базардын калыптанышындагы мааниси өтө олуттуу. Эгер суроо-талап баанын анчалык айырмаланбашына жараша өзгөрбөсө баа боюнча ийкемсиз, ал эми өзгөрүүгө дуушарланса ийкемдүү деп аталат.

Колдонулган адабияттар

[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мусакожоев Ш.М. ж.б. Экономика: Жогорку окуу жайлары үчүн окуу китеби. Оңд. толукт. 2-бас./ Ш.М. Мусакожоев, Б.Ч. Ишенов, Б.Ш. Мусакожоева. - Б.: «Турар». 2011. - 528 б. ISBN 978-9967-15-095-9