Суспензорий

Википедия дан

Суспензорий — эркектин калтасын жогору тартып кармап туруучу атайын таңгыч. Ал эн бези менен кошумчаларынын сезгенүүсүндө, урук түтүгүнүн веналарынын кеңейишинде, калтага операция жасалган учурда дарыгердин көрсөтүүсү менен колдонулат. Аны айрым спорт оюндарында калтанын травмага учурашынан сактоо үчүн да сунуш кылынат. Суспензорий болотнай же тор кездемеден атайын калта салынуучу баштыкча түрүндө жасалып, . жыныс мүчөсү үчүн тешик калтырылат. Белге, санга байлоо (топчулоо) үчүн боолору болот. Ал калтаны кыспагандай чак болушу керек. Суспензорий жок болсо аны катталган дакиден тигип алса болот. Белге байлануучу куру жазы бинттен, боолору ичке бинттен жасалат. Адатта аны эртең менен турарда кийип, кечкисин жатарда чечип коёт. Аны жумасына бир жолу жууп туруу талапка ылайык.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.; Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8