Сууганташ-Акташ тоосу

Википедия дан

Сууганташ-Акташ тоосуФергана тоо тизмегинин түш.-батыш тармагы. Сузак р-нун аймагында, Каралма суусунун алабынан орун алган.

Кеңдик багытта 26 кмге созулуп жатат. Туурасы 6–8 км. Орт. Бийикт. 2500–2800 м, эң бийик жери 3741 м. Кыры аска-зоокалуу, капталдары (түн.) узун, Каралма өрөөнүнө жантайып түшөт; капталы кыска, тик. Девондун акиташ аралаш диабаз, сланец, силурдун чополуу ж-а көмүрлүү сланец, кумдук, туф ж-а спилит тектеринен түзүлгөн. Ландшафтында талаа ж-а шалбаалуу талаа, шалбаа-бадалдуу-жаңгак токойлуу (2400–2500 м бийиктикке чейин) алкактары басымдуу. Жайыт, чабынды катары пайдаланылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2