Сууга чөгүү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Сууга чөгүү — дем алуу жолуна суюктуктун (демейде суу) толушу. Көбүнчө көлмөгө, чанда ваннага, чөөткө (бети малынса) жана башкалар түшкөндө болушу мүмкүн. Сууга чөккөндөн 3—5 мин. өткөндөн кийин дем алуу токтойт, ал эми жүрөк бир аз убакыт иштеп турат. Айрыкча балдар сууга көп чөгөт. Көп учурда чөккөн адамга (жүрөгү токтогондон 5—6 мин. өткөнчө) алгачкы жардам көрсөтүү менен аман алып калууга болот. Ошондуктан айрыкча туристтер, эс алып жүргөндөр, балыкчылар сууга чөккөн адамга жардам көрсөтүү ыкмаларын билүү керек. Сууга сүзгөндү билбегендер, узакка сүзүп чарчаганда (сууга жакшы сүзгөндөр да), чумкуганда суу түбүндөгү нерсеге урунуп алууда (айрыкча тааныш эмес жерге түшкөндө), мастар, күнгө ысып туруп сууга түшкөндө, дене кескин муздаганда жана башкалар чөгүшү мүмкүн. Чөккөн адам кычкылтек жетишпегенде өлүмгө дуушар болот.
Чөгүү үч түргө: тумчукма, кургак, синкоптук болуп бөлүнөт. Тумчукма чөгүүдө адам жанталашып, илеп тартып дем алганда оозу-мурдуна суу кирип, өпкөгө аба жетпей калат. Чөккөн киши көгөрүп, оозу мурдунан көбүк агат. Кургак чөгүүдө адам эстен танат да, дароо чөгүп кетет. Үн байламталары бүтөлө калгандыктан өпкөгө суу кирбейт (аты ошондон). Мындай чөккөндөр анча көгөрбөйт. Синкоптук чөгүүдө адамдын дем алуусу менен жүрөгү бир мезгилде капысынан токтойт. Теридеги майда кан тамырлар тарыгандыктан адамдын териси кубарып кетет. С. ч-дө суунун температурасынын мааниси чоң. Муздак сууга чөккөндө дене тез муздап, организмдеги алмашуу процесси жайлап, кычкылтек жетишсиздигине туруктуураак болуп калат. Бул чөккөн кишини тирилтүүдө мааниси чоң. Чөгүп бараткан адамды көбүнчө чабак уруп барып (сактануу куралы жок, сактоочу станциялардан алыс болгондо) сактап калууга туура келет. Мында сактап калуучу киши кандай аракет кыларын тез жана так ойлонуштуруусу зарыл. Адегенде чөгүп бараткан жерге жакыныраак жээкке чуркап жетип, чечине салып, сууга кирип, ылдам сүзүү керек. Эгер адам суу түбүнө чөгүп кетсе, сууга чумкуп кирип, түбүн бойлой сүзүп издейт. Чөккөн адамды тапкандан кийин аны колунан, колтугунан же чачынан алып, буттары, бир колу менен сүзүп, суунун үстүнө чыгуу керек, эгер адам суунун үстүндө болсо, аны тынчтандырууга аракет кылып, арт жагынан жетип кармаганы оң, антпесе чөгүп бараткан адам бек кучактап, чыгарбашы мүмкүн. Кокус ал кармап калса, аны менен кошо сууга чөгүү керек, ошондо гана ал коё берип, өзү суунун үстүнө чыгууга аракеттенет. Чөккөн адамды суудан алып чыккандан кийин анын жабыркоосуна жараша жардам көрсөтүлөт. Эгер жабыркаган адам эстен танбаса, тамырынын кагышы, дем алуусу кадимкидей болсо, демикпесе аны кургак, катуу нерсенин үстүнө башын эңкейиштете жаткырып, чечинтип, денесин сүлгү менен кургата аарчып, чай же кофе ичирип, жылуу жаап жаткырып коюу керек. Суудан алып чыкканда анын тамыры кадимкидей эле кагып, дем алса, бирок эс-учу жок болсо, башын чалкалатып, астыңкы жаагын ылдый тартып, оозунун ичин балыр, ылай, кусундудан тазалап (кол менен), этин кургата сүртүп, нашатырь спиртин жыттатып, дем алуусун активдештирүү үчүн тилин улам-улам тартып турган оң. Эгер жүрөгү согуп, бирок дем албаса, тезинен жогорудагы бардык чараны көрүп, «ооз менен оозго» же «ооз менен мурунга» жасалма дем алдыруу зарыл. Дем албаса, жүрөгү да сокпосо, жасалма дем алдыруу менен жүрөк массажын жасоо керек. Биринчи жардам көрсөткөндөн кийин жабыркаганды абалына карабастан жакын арадагы медициналык мекемесине жеткирүү зарыл, анткени бардык учурда, ал тургай жеңил жабыркаганда да оор кабылдоодон адам өлүмгө дуушар болушу мүмкүн. Кырсык болбош үчүн балдарды суу жээгинде кароосуз калтырбай, кайыктан сууга түшпөй, чектелген жерден ары кетпей, алкоголь ичимдиктерин ичкенде сууга түшпөй бардык эрежелерди так сактоо керек. Күнгө өтө ысып алып, айрыкча улгайган, жүрөк-кан тамыры оорулуулардын сууга түшүшү, ошондой эле тааныш эмес жерде сууга секирүү (айрыкча башы менен) өтө коркунучтуу.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8