Сууда сүзүү

Википедия дан

Сууда сүзүүспорттун массалык жана кеңири таралган түрү. Анда бүт булчуң системасы иштеп, организмдин келишимдүү өсүшүнө түрткү берет. Сууда сүзүү менен такай машыгуу балдарда муундардын кыймылдуулугун, чыдамкайлыкты, күчтү, ыкчамдыкты, өнүктүрөт, буттун, колдун, дененин булчуңдарын бекемдейт, келбеттин бузулушун алдын алат жана оңдойт. Буга байланыштуу дарыгерлер келбеттин бузулуусунда жана омуртканын кыйшаюусунда Сууда сүзүүнү сунуш кылат. Ошондой эле сууда сүзүү денени чыңдоонун эң жакшы каражаты. Мында кан айлануу жакшырат, анткени дененин горизонталдык абалында буттан келүүчү вена канынын келиши жеңилдейт, көп булчуңдардын жыйрылышы, суунун денеге басымы, терең дем алуу ткандын кан менен жабдуусун жакшыртып, жүрөк ишин жеңилдетет. Сууда сүзүүнүн турмуштук мааниси да чоң. Сууда сүзгөндөр көп учурда өзүнүн жана сууга чөккөндөрдүн өмүрүн сактап калышат. Балдарды сууда сүзүүгө 4—5 жашынан үйрөтө баштаса болот. Ал эми спорттук сууда сүзүү атайын даярдыкты талап кылат. Жаш спортсмендерди машыктыруу акырындык менен врачтын көзөмөлүндө жүргүзүлөт. Балдарды спорттук сууда сүзүүгө үйрөтүүнү 7—8 жашынан, такай машыгууну 9—11 жаштан баштоо керек. Жашы өтүп калган адамдар сууда сүзүү боюнча машыгууну сөзсүз врачтын көрсөтмөсү боюнча баштоолору зарыл. Атеросклероз, гипертония оорусу, өпкөнүн өнөкөт сезгенүүсү жана башкалар ооруларда кышында сууда сүзүү менен машыгууга болбойт. Сууда сүзүү мезгилинде башка резина калпак кийүү сунуш кылынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8