Суук-Капчыгай

Википедия дан

Суук-Капчыгай"Манас" эпосундагы топоним. Жаш Манастын Каман алпты жеңгени деген эпизоддо Каман алптын шибээ деген эли жердеген жер катары айтылат:

Кытайдын аркы четинде,

Кыяңгер, Кайсаң тоосунда,

Суук-Капчыгай оозунда,

Суук-Төр деген төрүндө

Шибээ деген эл экен

Жери майдан жер экен (Курама вариант, 1. 53).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4