Суук Төр мөңгүсү
Көрүнүш
Суук Төр мөңгүсү – Борбордук Теңир-Тоодогу өрөөн тибиндеги мөңгү.
Какшаал тоо тизмегинин түн. капталында, Сарыжаз д-нын оң куймасы–Акшыйрактын алабында жайгашкан. Уз. 4,6 км, жалпы аянты 10,1 км2. Башы деңиз деңг. 5057 м, этеги 3960 м бийиктикте жатат. Мурда батышында жанаша жаткан ири (уз. 5,2 км, аянты 7,6 км2) мөңгү м-н биригип, бутактаган чоң тата ал өрөөн м өңгүсүн түзгөн. Кийин чегинип экиге ажырап кеткен. Мөңгүдөн башталган суу Жаңартка оң тараптан куят.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71–72. ISBN 9967-14-006-2