Суусамыр уу коргошуну

Википедия дан

Суусамыр уу коргошуну (Суусамырский аконит, латынче: Akonitum napellus) — байчечекей тукумундагы көп жылдык чөп өсүмдүк.

Тамыры жоон, жалбырагы татаал, манжадай тилик, гүлүсары, көк, кызгылт көк, кээде ак, чачыдай топ гүлгө чогулган Уулуу өсүмдүктөрдүн эң күчтүүлөрүнөн. Уу зат айрыкча тамырында көп.

Анда Юго жакын алколоид бар, негизгиси - аконитин. Уу коргошун байыртадан дары катары белгилүү. Тамыры кайнатылып, сүт кошуп, ысык ичилген. Муну пайдаланганда өтө этият болуу зарыл. Дарыгердин көрсөтмөлөрүнүн ар бирин так сактоо өтө маанилүү. Табыптар рак, ошондой эле өтүшүп кеткен ондогон ооруларга колдонгон. Ал жакшы натыйжа берген, бирок туура эмес колдонгондо сөзсүз тескери таасирин тийгизет.

Анын тамыры ички-тышкы жараларга, кызыл жүгүрүктүн бардык түрүнө, сөөк жана ошондой эле муун, кулгуна ооруларына жакшы таасири бар. Кызыл жүгүрүк оорусун дарылоо үчүн 150 г уу коргошундун тамырынын кубаттуулугу 60-70° болгон спиртке салып, жылуу, карангы жерге 7 күн коюп, өңү чай сыяктуу, кара-көк түскө келгенден кийин колдонулат. Эгерде оорулуунун эки колу, эки буту тең ооруса, анда адегенде эки колуна, экинчи күнү эки бутуна сүртүү керек.

Андан соң желдеп калбас үчүн жүндөн токулган нерсе менен жылуу ороп, бир саат жатып тердеп, тер кургагандан кийин гана турат. Оорулуунун ахыбалына жараша колдонулат. Жүрөгү оорулуулар 3 тамчыдан баштап, 15 тамчыга чейин ичсе болот. 15-20 күн дарылануу сунушталат.

Ичтен ичуүнун, тартиби: биринчи күнү мүнөздөп 3-4 жолу тамактанып, андан кийин тамырынын 3 муунун 200 г сууга кызылы чыккыча кайнатылат. Ыкчам (ысыгыраак) ичип, экинчи күнү 2 маал, үчүнчү күнү 3 маал, төртүнчү күнү ачкарын 5 муунун кайнатып ичип, тамактанып, андан кийин тамактанаардан 30 мүнөт мурун күнүнө 3 маал ичери менен жылууланып жатуу керек. Эгерде жогоруда келтирилген тартипти туура пайдаланбаса зыяндуу жактары бар. Улам көбөйтүп 3, 5, 7, 9, 11 муунга чейин жеткизет. Бул организмди акырындык менен көндүрүү тартиби.

Эгерде коркунучтуу белги пайда болсо, анда тескерисинче (тамырдын) муунун азайтып ичилет. Эскертүү: Бул дары чөп өтө уулуу болгондуктан, өз алдынча ичүүгө тыюу салынат. Эгерде туура эмес пайдаланса кан басымды өтө жогорулатып, оорулуунун жүрөгү демейдегиден башкача согуп, оозу, 2 колдун башы чымырайт. Денеси жансызданып, жогорку дем алуу органдары муунта баштайт, жүрөк ойнойт. Келтирилген белгилер күчөсө, кайнак сүттөн бир стакан ичип, болбосо үстөкгсө-босток литрлеп сүт ичип, кусканга аракет кылыш керек. Андан соң калтырак басуу, кандын ылдам жүрүшү денеден тарайт. Муздак суу же таттуу шире (сок) ичүүгө болбойт. Ички жана тышкы жарага уу коргошунду 2 түрдө колдонсо болот.

Жаш курагына жараша өлчөм менен суюк түрүндө жана күкүмдөй майдалап (ийлеп алып) колдонуу сунушталат. Суюк түрдөгүсүндө 300 г шарапка (көк жалтан болуп күйгөн) илдетке жараша (жеңил же оор) уу коргошундун тамырынын 3, 5, 7, 9, 11 муунун кайнатып, 40 күн ачытып, бир тамчыдан жаш курагына жараша 15 күн ичилет. Илдетке карата көбөйтүлүп кайра төмөн (бирге) түшүрүлөт.

Күкүм түрүндөгүсү муун ооруларына жана сырткы жараттарга кургак колдонулса, ачытмасы ички илдеттерге ичуү жолу менен пайдаланылат. Мындай дарыланууну өз алдынча жасаганга жол берилбейт. Дарыгердин көзөмөлүндө болуусу шартталат.

Уу коргошундун топосун кошуп кайнатып (36°ка чейин), кулгуна, сөөктүн илдетин айыктыруу үчүн ванна (улам ысытылып, 2 саат) жасалат. Бул продедурада жаман илдет (бузук кан) бир жерге чогулуп, жарылат. Эгер жарылбай калса бака жалбырак, кара май (ихтиол) тартуу сунушталат. Куяң (радикулит), кызыл жүгүрүккө (ревматизм) 450 г уу коргошун, 500 г кырк муун, 500 г чырмоок, 500 г ит сийгекти кошуп 25 мүнөт кайнатып, 4-5 чака белди жапкыдай сууну ваннага толтуруп, алгач 15 мүнөт, кийинчерээк 30 мүнөткө чейин олтуруу керек. Бул 15тен 30 жолкуга чейин кайталанат. Ортодон 10 күн эс алат.

Жүрөгү оорулуулар ваннага олтурууну үч күндөн ашырбоосу зарыл. Ванна колдонгондо жанында дарыгер же медициналык түпгүнүгү бар ишеничтүү адам болуусу керек.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9