Суу башы

Википедия дан

Суу башы, суу башаты – дарыя, агын суу, канал, арыктын башталган жери.

Дарыянын башы катары адатта нук салып туруктуу агым пайда болгон жер саналат. Дарыянын башатына булак, мөңгүнүн этеги кирет, саздуу жерде суу нук салып туруктуу агым пайда болгон чекиттен баштап аталат. Ал эми көлдөн башталган суунун башы көл жээги менен нуктун кесилишкен жери эсептелинет. Кээде ири дарыялардын башы катары - түрдүү ат менен аталган эки түзүүчүсүнүн кошулган жери алынат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Кыргызстандын географиясы. Бишкек: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2004, s. 71-72. ISBN 9967-14-006-2