Сухомлинский Василий Алекса́ндрович

Википедия дан

Васи́лий Алекса́ндрович Сухомли́нский (1918–1970) ХХ кылымдын эң көрүнүктүү педагогдорунун бири.

Василь Олександрович Сухомлинський
Туулган жылы:

28 -сентябрь 1918(1918-09-28)

Туулган жери:

Васильевка айылы Александрийский уезд Украина

Каза болгон жылы:

2 -сентябрь 1970(1970-09-02) (51 жаш)

Каза болгон жери:

Украина Кировград област Павлыш айылы

Өлкө:

Украина СССР

Илимий чөйрөсү:

педагогика

Сыйлыктары


Орден Ленина,Кызыл жылдыз ордени

Ал Украинанын Кировград областына караштуу Павлыш орто мектебинде 25 жылга жакын мугалим, директор катары иштөө менен бирдикте 30дан ашуун китеп, 600дөн ашуун макала жарыялаган. Анын мурастарына көп кырдуулук, универсалдуулук мүнөздүү, башкача айтканда ал таалим-тарбия ишине тике жана кыйыр тиешеси бар бардык маселелерди өз алдынча изилдеп, өзгөчө идеяларды жана тажрыйбаларды жараткан. Ошентип, ал мейли дидактика, мейли тарбия теориясы, мейли мектеп таануу болсун бул тармактардын баарында өзүнчө кайталангыс из калтырган. Ал мугалимдин балдарга карата гумандуу мамилесин калыптандырууга бөтөнчө маани берген. Сухомлинскийдин пикири боюнча педагогика гумандуулуктун биринчи белгиси бул балдардын жан дүйнөсүн түшүнө билүү.

Сухомлинский педагогикалык ишмердиги согуштун запкысын көргөн балдарга байланыштуу болгондуктан, анын эмгектеринен балдарга боорукер мээримдүү мамиле кылуу педагог менен окуучунун ортосундагы өз ара боорукердик мамиле жөнүндө айрым ой тыянактарды да, бүтүндөй бир нече беттен турган ой толгоолорду да жолуктурууга болот. Сухомлинский жаш муундарда мекенди акыл эси жүрөгү менен түшүнүүгө, башкача айтканда атуулдук сезимин тарбиялоо маселесин ар тараптуу изилдеген. Ошодой эле ал мурдагы педагогдор тарабынан чыйыр салынган «коллективде», «коллектив аркылуу», «жекече тарбиялоо», «коллектив шартында айрым окуучулар менен жеке иш алып баруу» сыяктуу олуттуу маселелерин жаңыча чечимин, усулдарын таба алган. Сухомлинский, «коллективдин рухий турмушу», «класстын интеллектуалдык дасмиясы» сыяктуу жаңы түшүнүктөрдү киргизген. Ар бир баланын өз кызыгуусу бар, ар кимдин өз «чымыны» бар, ар бири коллективди өзүнүн бир нерсеси менен өнүктүрөт. кызыгуулардын мындай көп кырдуулугу коллективди интеллектуалдык дасмиясын ар тараптуу байытат.

Сухомлинский ар кандай мектептеги таалим-тарбия ишинин жемиштүүлүгү, таасирдүүлүгү элдик педагогиканын бай кенч казыналарын өздөштүрүүгө, пайдаланууга байланыштуу болот. Аны жүзөгө ашыруунун чыныгы үлгүсүн көрсөткөн. Ырасында эле, анын педагогикалык системасына үстүрт серп салган адам, алардын негизги өзөгү украин элинин бай тарбиялык салттарына негизделгендигин ачык баамдайт. Сухомлинский «Мектептин жаш директору менен аңгемелер», «Уулума кат», «Мугалимге жүз насаат», «Тарбиялоо жөнүндө» сыяктуу эмгектери көрүнүктүү тарыхчы, таланттуу котормочу Дүйшө Айтмамбетов тарабынан кыргыз тилинде жарыкка чыгарылып, педагогикалык коомчулуктун сүймөнчүлүгүнө айланган. Мындан тышкары улуу педагогдун мурастарына, педагогикалык ишмердигине байланыштуу кыргызстандык педагог-окумуштуу А. Борисовскийдин үч китеби жарык көргөн.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Кыргыз педагогикасы (энциклопедиялык окуу куралы). - Б.: 2004,