Сущее

Википедия дан

Сущее(нак, анык, нагыз) – онтологиянын категориясы катарында төмөнкүлөрдү билдирет:

1) болмуштун көп түрдүү билинип-көрүнүшү;

2) болмушга тиешеси бар ар нерсе же субъект;

3) Онтологиялык абсолют. Бир катар философиялык концепцияларда С. Болмуштун синоними катарында да колдонулат.

Ал эми кээ бир орус философторунун (В. С. Соловьев, Н. А. Бердяев) чыгармаларында С. болмуш түшүнүгүнө караганда, өзүнө бир кыйла окшоштурулган абсолют түшүнүгү катарында колдонулат. Болмуш абсолюту идеалдык объектке айландырган абстракция катарында түшүндүрүлөт. С. жогорку болмуш м-н ойду объективдештирүүгө ж-а окшоштурууга жол бербейт деп эсептешет да, абсолютту объективдүүлүк м-н субъективдүүлүктүн жандуу биримдиги катарында көрсөтүүгө аракеттенишет. Немец философу М. Хайдеггер С. нерсе ж-а Адам катарында болмушка каршы коюп салыштырат: болмуш С. негизинде ж-а андан тышкары жатат; болмуш онтологиялык изилдөөгө, С. онтикалык изилдөөгө алынат дейт.