Сыйданов Кубанычбек

Википедия дан

Сыйданов Кубанычбек (9. 2. 1947-ж. туулган, Чүй облусу, Москва району, Чоң-Арык кыштагы) - мамлекеттик коомдук ишмер.

  • Кыргыз Республикасына эмгек сиңирген куруучу (1996).
  • Мамлекеттик кызматтын 2-класстагы кеңешчиси.
  • Фрунзе политехникалык институтун (1973), Ташкендеги жогорку партиялык окуу жайын (1987) бүтүргөн.
  • Эмгек жолун 1964-ж. Орто Азия монтаждоо башкармалыгында слесарга үйрөнчүк болуп баштаган.
  • Андан сон, 1976-ж. чейин ар кандай курулуш ишканаларында мастер, прораб, улук жана башкы инженер болуп эмгектенип келген.
  • Кийин Нарын облусунун Ак-Талаа районундагы колхоздор аралык курулуш ишканасында төрага (1976-78), «Нарыноблмежколхозстрой» бирикмесинде төраганын орун басары (1978-79), «Нарыноблсельстройдо» төрага (1979-82), Нарын шаардык кеңешинин төрагасы (1982-86), 1986-88-ж.
  • Кыргызстан КП БКнын инспектору, 1988-91-ж.
  • Нарын облкеңешинин төрагасынын 1-орун басары, Фрунзедеги республикалык «Агроөнөржайкурулуш» бирикмесинде начальниктин 1 -орун басары, Кара-Балта шаардык кеңешинин төрагасы (1991-94), Калинин (Жайыл) райондук, Чүй облустук мамлекеттик администрациясынын башчысынын 1орун басары, андан соң Чүй облусунун Сокулук жана Жайыл райондорунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - акими болгон.
  • Талас облусунун Манас районунда аким (1999-2000), Бишкектеги «Интерэнергохолдинг» компаниясында вице-президенттик кызматтарды аркалаган.
  • 2000-06-ж. жеке ишкердик менен алектенет.
  • 2006-жылдан кайрадан мамлекеттик кызматтарда.
  • Чүй облусунун мамлекеттик администрациясынын башчысы - губернатор, Кыргыз Республикасынын Президентинин кеңешчиси, Коомдук палатанын төрагасы, Москва районунун акими болуп иштеп келди.
  • Анын уюштуруучулук жөндөмү өтө жогору, коомдук жана мамлекеттик талантуу ишмер.
  • Ал Жайыл районунда аким болуп турганда Суусамыр элинин экономикалык жана социалдык абалдарынын жакшырышына жакындан жардам берген.
  • 1997-ж. Базар экономикасынын шартында өрөөндө айдалбай калган жерлерди айдатып, өрөөндүн экономикасынын өнүгүүсүнө зор салым кошкон.
  • «Ардак Белгиси» (1984) жана 3-даражадагы «Манас» ордендери менен сыйланган.
  • Анын басып өткөн эмгек жолун чагылдырган «Кубанычбек Сыйданов» (2009) жана «Нарындан губернаторго чейин» (2007) деген 2 китеп жарык көргөн.
  • Учурда ардактуу эс алууда.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Суусамыр: Энциклопедия /Башкы ред. Ү. Асанов. - Б.: Энцик. борбору, 2010. - 312 б., илл. ISBN 978-9967-14-076-9