Сынчыбек

Википедия дан

Сынчыбек (Сынжыбек) — "Манас" эпосунун эпизоддук кейипкери, Анжыяндын беги. Өзбек элинин өкүлү катарында Көкөтөйдүн ашына чакырылат, ал өз аскерлери менен келип, аштын бардык шаан-шөкөттөрүнө катышат. С. Саякбай Каралаевдин варианты вариантында гана айтылып, дайыма туруктуу ыр сабы менен: "Анжыяндын айры сакал Сынчыбек" (Саякбай Каралаев, 2. 15, 19, 26) деп мүнөздөлөт. Манаска каршы кутум уюштурган кандардын бири С. болот. Кыргыздардын эркиндиги, көз каранды болбостугу кытай, калмак баскынчыларына каршы жүргүзгөн уруштардын ичинен чечүүчү мааниге ээ болгон Чоң казатка С. өз ыктыяры менен, өз аскерлери менен кол башчы баатыр катары катышат. Бири-бирине жакын турган танапташ, тилектеш, урааны бир эл өкүлү катары С. Манас баатыр менен бирге аракеттенип, жардам берет (Саякбай Каралаев, 2. 64, 72).

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4