Сын реализми –

Википедия дан

Сын реализми – демократиялык, коомдук идеяларды бекемдөөчү капиталисттик түзүлүштүн келечектери менен карама-каршылыктарынын бетин ачуу­га багытталган капитализм доорундагы көркөм искусствонун прогрессивдүү ыкмасы. Социалдык көркөм искусствого чейинки багыттар менен ыкмаларда С. р. өзүнүн социалдык проблемаларды так жана түз коюусу, коомдук турмуш кубулуштарына аң-сезимдүү «өкүм» чыгарууга умтулушу менен айырмаланган. С. р-нин өнүгүүсү капиталисттик, коомдук, улуттук маданияттын ичиндеги эки маданияттын күрөшү жана жикке бөлүнүшү менен тарыхый жактан байланыштуу. С. р. демократиялык маданияттын анын күрөшчүл идеялык максаттуулугун чагылдырат жана ачып көрсөтүлгөн улуттук өзгөчөлүктөргө ээ. С. р. тигил же бул ченемде жана формада бардык капиталисттик мамлекеттердин адабияттарында, көркөм искусствосунда өнүккөн (көркөм сүрөт  искусствосунда анын ири өкүлдөрү: Англияда – Хогарт; Францияда Куртье, Домье; Германияда Менцель, Бельгияда Менье; Венгрияда Мункачи; АКШда Коммен; Польшада А. Геримский жана башка саналат). С. р. орус маданиятында XIX кылымда П. А. Федотовдон баштап сүрөтчүлөр менен жазуучулардын чыгармачылыгында толук жана терең өнүгө баштады. Падышачыл Россиянын коомдук түзүлүшүнө гана мүнөздүү болгон феодалдык, крепостнойлук эски калдыктарды сыноодо капитализмди сындоо менен айкалышкан С. р. ыкмасы катарына И. Е. Репин, И. А. Крамской, В. Г. Перов жана башка ири орус сүрөтчүлөрү кир­ген көчүп жүрүүчүлөр шериктештигинин бүт чыгармачылыгын аныктаган. Өз чыгармаларында алар Россиянын үстөмдүк кылуучу класстарынын саясый: укуктук, турмуштук негиздерин аёосуз сындашкан. Сүрөтчүнүн атуулдук жана анык патриоттук сезиминен жаралган чыныгы жана өтө берилген образдарында орус элинин азап чегүүлөрү жана анын себептери болуп эсептелген помещиктердин зордук-зомбулугу, чиновниктер бюрократиясынын чириктиги, көпөстөрдүн өзүмчүлдүгү дин кызматкерлеринин эки жүздүүлүгү, буржуазиянын жырткычтыгы көрсөтүл­гөн. Ошону менен бирге С. р. сүрөтчүлөрү терең жактыруу менен элдик турмуш картиналарын сүрөттөшкөн жана революциячыл интеллигенция ишмерлери менен дыйкандардын образдарын түзүшкөн. С. р. ыкмасынын бөтөнчө күчү, анын эл жана Ата мекен тууралуу ой жүгүртүүлөрдү, кеңири социалдык жалпылоолорду камтыган, кээ бир турмуштук кубулуштарды көрсөтүүдө болгон жеке мүнөздөр менен окуялар типтүү, мүнөздүү нерселер катары түшүндүрүлгөн. С. р. чыгармаларынын көркөм формасындагы жетишкендиктер анын мазмунун идеялык тереңдигинин натыйжасы болгон; живописте баяндоочу сюжети бар картина-аңгеменин өнүгүүсү эң бийик чеберчиликке жеткен (бул живопись менен адабиятты жакындаштырган). Типтүү образдар менен композициялык курулуштарды тандоодо, демек, сюжетти тандоодо ар кандай шарттуу шаблондор болбой калган. Психологияны ачып көрсөтүү маанисинде көркөм сүрөт искусствосунун мүмкүнчүлүктөрү көбөйгөн, байыган; композициядагы ар бир деталдын өз чегинде ачык, так «сүйлөмө» болушу өнүктүрүлгөн. Көркөм сүрөт искусствосундагы В. Перовдун «Дыйканды көмүү», «Заставкага жакын четки кабак», И. Прянишниковдун «Тамаша-көйлөр», И. Крамскойдун «Токойчу» жана ал тарткан Салтыков-Щедриндин, Некрасовдун, Л. Толстойдун портреттери, А. Ярошенконун «Кочегар», «Бардык жерде жашоо», И. Репиндин «Бурлактар», «Протодьякон», «Тобо кылуудан баш тартуу», «Күткөн жок белеңер» картиналары С. р-дин жетишкендиктерине үлгү болуп кызмат кылат. С. р. көркөм искусствосу көркөм традицияларга бай булак болуп эсептелет.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]