Сүзан Элуиз Хинтон

Википедия дан

Сүзан Элуиз Хинтон (англ. Susan Eloise Hinton; 1948-жылы 22-июлда туулган) — америкалык жазуучу. Ал Оклахомадагы окуяларды чагылдырган жаш өспүрүмдөргө арналган романдары, өзгөчө орто мектепте окуп жүргөндө жазган "Жат кишилер" (англ. The Outsiders) чыгармасы менен таанымал. 1988-жылы өспүрүмдөгө жазган китептери менен кошкон салымы үчүн Америка китепкана бирикмесинин "Маргарет Эдвардс" ачылыш сыйлыгын алган.

Өмүр таржымалы[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Эмгек жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Өспүрүм жаш курагында Хинтон 1960-жылдардагы Оклахомадагы окуяларды чагылдырган өзүнүн алгачкы жана көрүнүктүү романы "Жат кишилердин" автору катары кеңири таанымал болгон. Ал чыгармасын 1965-жылы жаза баштаган. Китептин жаралышына Уилл Рожерс орто мектебиндеги "гризерлер" менен "соушилер" деп аталган эки атаандаш кески топ шык берген жана "гризерлердин" көз карашы менен баяндоо аркылуу алардын таламын талашуу каалоосу түрткү болгон. Чыгарма 1967-жылы ал Тулса университетинде биринчи курста окуп жаткан кезде Viking Press басмаканасы тарабынан басылып чыгарылган. Ошондон бери китеп 14 миллиондон ашуун нуска менен сатылып, азыр деле жыл сайын 500,000ден ашуун китеп сатылып турат.

Хинтондун басмаканачысы эң биринчи эркек китеп сынчылары романдын автору аял экен деп чыгарманы карабай койбосун деп кыздык ысымынын ордуна атынын баш тамгаларын эле колдонууну сунуш кылган. "Жат кишилердин" ийгилигинен кийин Хинтон атынын баш тамгаларын эле колдонуп, китеп жазып чыгарууну уланткан. Анткени аны таанымал кылган нерседен кол жууп калгысы келген эмес, ошондой эле жеке жана коомдук жашоосун эки башка кармаганга аракет кылган.

Чыгармалары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]