Мазмунга өтүү

Сүйлөшүүлөр

Википедия дан

Сүйлөшүүлөр - инсандан баштап элдердин ортосуна чейинки конфликттерди чечүү же жөнгө салуунун жана көйгөйлөрдү чечүүнүн негизги ыкмаларынын бири.

Алардын башка ыкмалардан негизги айырмалыгы - чечимдер жогорку же сопук инстанциялар тарабынан эмес, Сүйлөшүүлөрдүн катышуучулары менен биргеликте иштелип чыгат. Сүйлөшүүлөр - баарынан мурда биргелешип чечим кабыл алуу процесси. Катышуучулардын саны жана курамына, талкууланып жаткан көйгөйлөрдүн ж.б. кырдаалдардын мүнөзүнө жараша Сүйлөшүүлөр ар кандай типтерге бөлүнүшөт. Алар - эки жактуу же көп жактуу; эмгек талаштарын жөнгө салуу боюнча; коммерциялык; ички саясий же эл аралык болушат. Саясий Сүйлөшүүлөр, б.а. мамлекет башчылары жана өкмөттөрдүн, тышкы иштер министрлеринин, же дипломатиялык деңгээлде жүргүзүлөт. Сүйлөшүүлөрдүн көп түрдүүлүгүнө карабастан, алардын бардыгына Сүйлөшүүлөрдүн теориясынын предметин түзүүчү жалпы мыйзам ченемдүүлүктөр тиешелүү. Ар кандай Сүйлөшүүлөр мазмундук (предмет) жана процессуалдык (аларды жүргүзүү процесси) тарапка ээ.

Мазмундук жагы сүйлөшүү концепциясын иштеп чыгуу менен байланышкан маселелердин комплекси: Сүйлөшүүлөрдүн предметин түзүүчү көйгөйлөрдү анализдөө, аларды чечүүнүн варианттарын жана аларды ишке ашыруунун шарттарын аныктоо жана баалоо, Сүйлөшүүлөргө конкреттүү позицияны даярдоо тиешелүү. Процессуалдык жагы Сүйлөшүүлөрдүн тигил же бул мазмундук натыйжасына жетүү каражаттарын камтыйт. Мында биргелешип чечим кабыл алуунун ар кандай методдору болушу мүмкүн.

Сүйлөшүүлөр эреже катары үч негизги баскычты басып өтүшөт, эгерде алар макулдашуу менен аяктаса. Биринчи баскыч — тараптардын позицияларын айтып берүү. Анын өтүүсүнүн (аяктоонун) керектүү болгон шарты - Сүйлөшүүлөрдун катышуучулары тарабынан киргизилген конкреттүү сунуштар. Бул баскычтагы башкы чечилүүчү маселе - Сүйлөшүүлөрдүн мазмундук алкагын түзүү: талкуулоолордо катышуучулар тарабынан кандай конкреттүү маселелер, көйгөйлөрдүн аспектилери киргизилгендигин аныктоо. Экинчи баскыч - аргументтештирүү. Анын өтүүсүнүн негизги керектүү шарты - оноктордо тактыктын пайда болуусу жана мүмкүн болушунча, келечектеги келишимдердин жалпы контурунун макулдашылган түшүнүүсү. Бул баскычтын өтүүсүнүн сырткы белгиси болуп көпчүлүк учурда долбоорлордун пайда болуусу эсептелет. Үчүнчү баскыч - редакциялоо. Бул баскычта конкреттүү жоболор, келишимдердин майда бөлүктөрү макулдашылат, макулдашуунун акыркы тексти даярдалат. Ар кайсы мамлекеттин өкүлдөрү жана Сүйлөшүүлөрдүн ар бир катышуучулары Сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүнүн жеке стилине ээ. Бул стилдер бири-биринен олуттуу айырмаланып турушат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Адам укуктары, демократия, бийлик. Энциклопедиялык сөздүк. – Б.: 2015. -496 б. ISBN 978-9967-27-790-8