Сүйлөшүү лексикасы

Википедия дан

Сүйлөшүү лексикасы — адабий тилдин сөздүк курамынын стилистикалык жактан шөкөттөлгөн, сүйлөшүү кебинин функционалдык-стилистикалык категориясы менен карым-катышта турган катмары.

Сөздүк составдын стилистикалык жактан шөкөттөлгөн башка катмарлары сыяктуу эле Сүйлөшүү лексикасы бейтарап лексикадан өзгөчөлөнүп турат.

Оозеки сүйлөшүү сөздөрү адабий тилдин лексикалык курамына кирет, бирок, негизинен, оозеки кепте, күндөлүк тиричиликте колдонулат. Сүйлөшүү лексикасынын сөздөрүнө эркин колдонулуу, фамильярдуулук мүнөздүү. Оозеки сүйлөшүү сөздөрүнүн иштиктүү же илимий кепте атайын максатсыз колдонулуп калышы адабий тилдин стилистикалык нормаларынан четтөө катары каралат. Ал эми көркөм адабиятта, публицистикада көркөмдүк максатта кеңири колдонулат. Сүйлөшүү лексикасынын катмары өзүнүн курамы боюнча бир түрдүү эмес, ага ар кандай морфологиялык түзүлүштөгү, кеңири семантикалык алкактагы жана эмоционалдык-экспрессивдик боекко ээ болгон сөздөр, лексикалык эллиптизмдер, айрым айрым бейтарап сөздөрдүн өтмө маанилери кирет: (Мис., балакай, байкеси, кыйын болбо, валерьянка, зачетка-зачеттук китепче, базар-вокзал, ызы-чуу, өчүп калуу, унчукпай моюн сунуп же таң калып калуу ж.б.).

Азыркы мезгилде Сүйлөшүү лексикасы бейтарапташып, адабий тилдеги бейтарап, китептик лексика менен Сүйлөшүү лексикасынын чеги айырмаланбай бара жатат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4