Сүйөркулов Шамшидин
Көрүнүш
Сүйөркулов Шамшидин (1929-жылы Ленин району, Шайдан кыштагында төрөлгөн - 30.05.1992) — хирург, Социядистик Эмгектин Баатыры (1978), Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген врачы (1976), Саламаттык сактоонун отличниги (1974). Кыргыз мамлекеттик медицина иниститутун бүтүргөн (1954) кийин Ленин райондук ооруканасынын хирургу, 1968-жылдан хирургия бөлүмүнүн башчысы. 1966-жылы 1-категориядагы хирург-врач наамына татыктуу болгон. Азыркы медицина илиминин жетишкендигин жана хирургия иштериндеги тажрыйбасын колдонуу менен калкты медицина жактан тейлөөдө ири ийгиликтерге жетишкен.
Сыйлыктары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Социядистик Эмгектин Баатыры, Ленин ордени, Эмгек Кызыл Туу ордени, медалдар менен сыйланган.
Колдонулган адабият
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- Борбугулов М. "Ош областы энциклопедия" Фрунзе 1989ж.