Сүлөсүн

Википедия дан

Сүлөсүн (лат. Lynx isabellina) - бул түр мышыктар уруусуна кирет. Эң бир кооз жырткыч. Кыргызстандын аймагында жашаганы Түркестан сүлөсүнү деп аталат. Себеби Борбордук Азиянын мейкиндигинде кенен таралган. С-дүн жакшы көрүп жашаган жерлери Тянь-Шандын тоолорундагы токойлор, ири бадалдар. С. эң бир сак жырткыч, айылдардан алысыраак жерлердеги тоолордун капталдарындагы жана кокту-колоттордогу токойлордо жашашып, коёндор, суурлар, кекиликтер жана башка жаныбарлар менен азыктанат. Бул түрдүн саны көпчүлүк учурда анчалык көп эмес, теңсалмактуу абалда болгон. Бул түрдүн эң көп же эң бир азайып кеткени ж-дө маалымат жок. С-дүн эң чоң душманы мергенчилер. Мындан бир нече жылдар мурун С-дүн терисин мергенчилер мамлекетке төгүшкөн. Бирок акыркы 15-20 жылдын ичинде сүлөсүндүн терисин мамлекетке тапшырганы жокко эсе. Бул түрдүн экол-сы, биол-сы изилденбеген. С-дүн кууту кээ бир маалыматтарга караганда жаз алдында февраль, март айларында жүрөт. Көп ж-дан бери С-дүн саны азаюда, мындай абалды эске алып, өкмөт 1972-ж. чечим кабыл алган; бул түрдү атууга, кармоого тыюу салынган. Ал эми 1975-ж-дан тартып С. Кыргызстандын Кызыл китебинине катталып, коргоого алынган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]