Сүрөт академиясы –

Википедия дан

Сүрөт академиясы – Петербургда 1757–1918-жылдарда жогорку квалификациядагы сүрөт искусство кадрларын даярдап чыгаруучу жана революцияга чейинки Россиянын көркөм сүрөт искусствосунун ири устаттарын бириктирген жетектөөчү мекеме. С. а. орус көркөм искусство маданиятынын өнүгүшүндө чоң жана маанилүү роль ойногон. Өз ишмердигинин эң жакшы учурунда XVIII кылымдын акыркы он жылдыгы жана XIX кылымдын башталышы) ал эң алдыңкы демократиялык көркөм өнөр үчүн күрөшкөн. Анын дубалдарынын ичинде сүрөтчүнүн өз мекенине атуулдук кызмат кылуу традициялары калыптанган. Эл арасынан чыккан зээндүү жаштарга өз эшигин кеңири ачуу менен С. а. бүткүл орус көркөм сүрөт искусствосу сыймыктанган эң мыкты чеберлердин катарын тарбиялап чыгарган (архитекторлор В. И. Баженов, И. Е. Старов, М. И. Козловский, И. П. Мартос, сүрөтчү-живописчилер Ф. С. Рокотов, К. П. Брюллов, А. А. Иванов, И. А. Крамской, И. Е. Репин, В. И. Суриков жана башкалар). Бирок С. а-нын ишмердиги дайым эле прогрессивдүү болгон эмес. Декабристтердин көтө­рүлүшүнөн кийинки жүргүзүлгөн саясый реакция С. а-н бара-бара мезгилдин алдыңкы талаптарынан ажыратып, официоздук көркөм искусствонун жактоочусуна айланткан. Бул мезгилде көптөгөн чыгаан орус сүрөтчүлөрү (А. Г. Венецианов, П. А. Федотов) толугу менен С. а-нын сырткары өз жолу менен өнүгүшкөн же анын принциптеринен кол үзүшкөн. 1863-жылкы окуялардан кийин С. а-нын эң таланттуу жана алдыңкы окуучулар тобу демонстративдүү түрдө окуу жайды таштап чыгып кетишкен жана мындан кийин С. а-нын ишмердиги өзүнүн прогрессивдүү идеялык-тарбиялык мүнөзүн жоготкон, к. Сүрөтчүлөр артели макаласын. С. а. көбүнчө сүрөтчүлүк жаатындагы чеберчиликтин узак традицияларын сактоочу гана жайга айланган. С. а. өзүнүн ишмердигиндеги белгилүү жандануу кыймылын 1893–1894-жылдардагы реформага байланыштуу анын профессордук катарларына көрүнүктүү сүрөтчү-реалисттер И. Е. Репин, А. И. Куинджи, В. Е. Маковский, И. И. Шишкин жана башка келиши менен баштаган. С. а-нын президенттигине Октябрь революциясына чейин падышанын жакын туугандарынан улуу княздардын бирөө дайындалып турган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]