Сүт ашканасы

Википедия дан

Сүт ашканасыэмчектеги балдарды атайын даярдалган азыктар менен камсыз кылууга кызмат көрсөтүүчү медициналык мекеме. Балдардын тамагы бала организминин физиологиялык талабын, ден соолугун, өсүү өзгөчөлүгү эске алынып түзүлгөн дарыгер-педиатрдын рецепти боюнча даярдалат. Эгер энеден сүт чыкпаса же тойгузбаса, анын сүтү балага жакпаса, ошондой эле бала атайын мүнөздөп тамактанууну талап кылса сүт ашканасынын тамагы берилет. Сүт ашканасынын чоңдугу ал жайгашкан аймакка жана тейленүүчү балдардын санына жараша болот. Кыштакта калктын аздыгына байланыштуу суткасына 200—500 үлүш тамак даярдоочу чакан сүт ашканасын куруу максатка ылайык. Калк жыш жайгашкан шаарларда борбордоштурулган ири сүт ашканасын куруу зарыл; тамакты калкка тез таратуу максатында шаардын түрдүү райондорунда, балдардын дарыгерлик аймактарында сүт таратма пункттар уюштурулат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ден соолук»: Медициналык энциклопедия/ Башкы ред. Борбугулов М. Б.;
  • Кырг. ССР ИА ж. б.— Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы ред., 1991.— 456 б. ISBN 5-89750-008-8