Сүңгү

Википедия дан

Сүңгүнайзанын байыркы түрү. Байыркы түрк жазма эстеликтеринин текстинде sunug ("сүңүг") формасында учурайт (Малов С. Е. Памятники древнетюркской письменности. 28, 35-б.). Найзанын бул байыркы түрү кыргыз менен казак эпосторунда гана сакталган. "Манас" эпосунда жоокер куралы катарында колдонулганы айтылат. "Карагай найза сүңгүнү, Карыга илип алганы" (Сагымбай Орозбаков, 1. 148) деген контексттеги терминдин мааниси карагайдан учтуу жасалган найза жөнүндөгү түшүнүктү туюндуруп турат.

Казак эпосторунда "Толгамалы ак сүңгi, "Карагай сапты сүңгi", "Ыргай сапты сүңгi", "Көк сүңгi", формасында айтылат (Абдылдаев Э. "Манас" эпосунун тарыхый өнүгүшүнүн негизги этаптары. 186-б.). Бирок "Манас" эпосунда да, казактын эпикалык чыгармаларында да С. өтө сейрек учурап, архаизмге айлана баштагандыгын көрүүгө болот. "Сүңгү" деген сөзгө караганда иран тилинен өздөштүрүлгөн "найза" деген синонимдик формасы Орто Азия элдеринин эпосторунун поэтикалык лексикасында активдүү колдонулат, к. Найза.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4