Сөздүн курамы

Википедия дан

Сөздүн курамы ― сөздүн ички түзүлүшү жагынан айрым бөлүктөргө (морфемаларга) ажыроочу бөлүктөрү.

Сөздөр уңгу же мүчө жалганган түрүндө болот. Составына карай жөнөкөй жана татаал сөздө болуп бөлүнөт. Жөнөкөй сөздөр уңгу жана туунду (уңгу+мүчө) түрүндө болот. Татаал сөздөр кош сөздөр (мис., кызыл-тазыл, ага-ини), кошмок сөздөр (мис., өнөр жай, таш көмүр, бака жалбырак), бириккен сөздөр (мис., бүгүн<бу+күн, бияк<бу+жак), кыскарган сөздөр (мис., КМШ, БУУ, КР, совхоз, шаарком) деп төрт топко ажырайт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колдонулган адабият Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9