Сөз айкашы

Википедия дан

Сөз айкашы — багыныңкы байланыштын ыкташуу, таандык, башкаруу жолдору аркылуу байланышкан толук маанилүү эки же андан көп сөздөрдүн грамматикалык жана маанилик жактан биригүүсү аркылуу пайда болгон синтаксистик конструкция.

Грамматикалык жана семантикалык жактан багындыруучу сөз . Сөз айкашынын негизги түгөйүн, багыныңкы сөз - анын көзкаранды (багыныңкы) түгөйүн түзөт. Негизги түгөйүнө карай Сөз айкашы субстантивдик (негизги сөз - зат атооч), адективдик (негизги сөз - сын атооч), этиштик жана тактоочтук болуп бөлүнөт.

Сөз айкашы номинативдик каражат катары кызмат кылып, негизги түгөй предмет, кубулуш, процесс, сапат-белгини билдирсе, ал эми багыныңкы түгөй толуктоочу, тактоочу, конкреттештирүүчү милдет аткарат (Мис., билимдүү адам, аппак кар, кош бойлуу аял). Сөз айкашы сөздөрдүн категориялык белгилерине негизделген грамматикалык үлгүлөр боюнча түзүлөт. Мис., "билимдүү адам", "аппак кар" Сөз айкаштары "сын + зат" модели боюнча түзүлгөн. Сөздүн башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүктөрү жана жолдору ошол сөздүн грамматикалык белгилеринен жана лексикалык маанисинен көзкаранды (билимдүү адам, адамдын эмгеги, адамга айт ж.б.).

Сөз айкашы мүнөзү боюнча эркин жана туруктуу болот. Эркин Сөз айкашыда аны түзгөн түгөйлөрдүн бардыгы өзүнүн лексикалык маанисин жоготпойт, элементтердин ортосундагы синтаксистик байланыш жандуу болот (баканга илүү) ал эми туруктуу Сөз айкашыда компоненттердин биринин же бардыгынын лексикалык өз алдынчалыгы абдан начарлап же жоголуп кетет (бакан ооз). Тилде туруктуу Сөз айкашынын санын эсептөөгө болот, ал эми эркин Сөз айкашы чексиз санда.

Сөз айкашы номинативдик бирдик катары кабарлоочу бирдик болгон сүйлөмдөн айырмаланып, модалдуулук, убакыт, жак, интонация сыяктуу синтаксистик категорияларга ээ эмес. Ошол эле учурда Сөз айкашы сүйлөмдүн курамында орун алып, аны менен тыгыз байланышта турат. Сөз айкашы менен татаал сөздөрдү айырмалай билүү керек. Татаал сөздөрдүн бардык түгөйлөрү биригип бир лексикалык маанини билдирет, анын түгөйлөрүнүн ордун

ISBN 978-9967-464-70-4