Сөз түркүмү

Wikipedia дан
Jump to navigation Jump to search

Сөз түркүмү - бир тилдеги сөздөрдүн лексико-семантикалык жана грамматикалык (морфологиялык, синтаксистик) өзгөчөлүктөрүнүн негизинде топтоштурулган бөлүмдөрү.

Айрым тилдерде сөзгө түшкөн басым да эске алынат. Сөз түркүмү эки топко бөлүнөт: маани берүүчү сөздөр (мис., кыргыз тилинде зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, тактооч, этиш) жана кызматчы сөздөр (жандооч, байламта, бөлүкчө,модал с). Булардан башка да сөз түркүмүнүн өзгөчө түрү - сырдык жана тууранды сөз бар (к. Сырдык сөз, Тууранды сөз). Сөз түркүмү дүйнө тилдеринин баарында бар экени далилденген. Бирок алардын бири биринен айырмалоочу белгилери, өз ара бөлүштүрүлүш принциптери бир эмес.

Маселен, кыргыз тилинде сөз түркүмү лексика-семантикалык жана грамматикалык бөтөнчүлүктөрүнө карата бөлүштүрүлөт. Ушул негизден азыркы кыргыз тилинде 12 сөз түркүмү бар экени аныкталып, алардын ар бири боюнча изилдөө жүргүзүлгөн.

Сөз түркүмдөрү деп сөздөрдүн лексика-грамматикалык белгилери боюнча бири-бирине так ажыратыла турган топтору, түркүмдөрү аталат. Сөз түркүмдөрү морфологияда каралуу менен бирге, негизинен, тилдин тарыхы менен байланыштуу изилденүүчү маселе. Анткени ар бир сөз түркүмү белгилүү бир тарыхый мезгилде пайда болуп өнүгөт. Мис., тил илиминде тактоочтор менен байламталар башка Сөз түркүмдөрүнө караганда кийинчерээк пайда болуп өнүккөндүгү белгилүү.

Сөздөрдүн Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүү түркологияда бир жарым кылым мурда башталып, алардын саны 8ге чейин белгиленип келсе, кийинчерээк 1930-жж. бүгүнкү мезгилге 8ден 12ге дейре жеткен, азыр 12 Сөз түркүмдөрү бар экендиги аныкталган. Тилдеги сездөрдү лексика-грамматикалык белгилерине карай топтоштуруу сөздөрдү Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүүнүн атайын принциби менен ишке ашат. Алар: семантикалык, морфологиялык, синтаксистик принциптер.

1. Семантикалык принцип - эң байыркы принцип. Сөздөрдү жалпы категориялык маанилери боюнча топтоштуруу бул принциптин негизги мазмунун түзөт. Анткени жалпы категориялык маселелер сөздөрдүн лексикалык маанилерин абстракциялап, жалпылаштырып, аларды ошол категориялык маанилик окшоштук белгилери боюнча топтоштурат. Буларга зат атоочтун заттык, сын атоочтун белгилик, сан атоочтун сан-өлчөмдүк, этиштин кыймыл-аракеттик маанини билдириши кирет.

2. Морфологиялык принцип сөздөрдү Сөз түркүмдөрүнө бөлүштүрүүдө сөз өзгөртүү системасын жетекчиликке алат. Т.а., сөздөр жөндөмө, таандык, сан, жак, мамиле, ыңгай, чак, даража ж.б. грамматикалык категориялар боюнча өзгөрүү же өзгөрбөө өзгөчөлүктөрүнө жараша түркүмдөргө бөлүнөт. Айрым бир сөздөрдүн кайсы Сөз түркүмдөрүнө жатаарын семантикалык принцип аныктай албаса, морфологиялык принцип жардамга келет.

3. Синтаксистик принцип сөздөрдүн башка сөздөр менен айкашуу мүмкүнчүлүгүн, андай айкашуунун формаларын (синтаксистик байланыштын түрлөрүн), сөздөрдүн сүйлөмдөгү ордун, алардын синтаксистик функцияларын негиз кылып алат. Ушул белгилери боюнча өз ара жалпылыкты түзгөн сөздөр, башка сөздөрдөн өзгөчөлөнүп, бир Сөз түркүмдөрү катары эсептелет.

Кыргыз тилиндеги сөз түркүмдөрү[оңдоо | булагын оңдоо]

Жогорудагы үч принципти жетекчиликке алуу менен, Кыргыз тилиндеги Сөз түркүмдөрүүн үч чоң топко бөлүүгө болот:

1 . Маани берүүчү же негизги Сөз түркүмдөрү: зат атооч, сын атооч, сан атооч, ат атооч, этиш, тактооч.

2. Өзгөчө Сөз түркүмдөрү же кошумча Сөз түркүмдөрү тууранды сөздөр, сырдык сөздөр, модалдык сөздөр

З. Кызматчы Сөз түркүмдөрү : жандоочтор, байламталар, бөлүкчөлөр,.

Жогоруда 12 Сөз түркүмдөрү ңнүн ар бири өзүнчө категория катары саналып, семантикалык, грамматикалык белгилерге ээ.

Колдонулган адабияттар[оңдоо | булагын оңдоо]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4

Колдонулган адабият[оңдоо | булагын оңдоо]

  • Тил энциклопедиясы / Түз.А. А. Джапанов: Оңд., толукт., кайрадан 2-бас. - Б.: Турар, 2010. -548 б. ISBN 978-9967-44-24-9