Сөз формасы

Википедия дан

Сөз формасы – белгилүү бир грамматикалык формада алынган сөз (лексема).

Сөз формасы - эки жактуу бирдик. Анын сырткы жагы - фонемалардын удаалаш жайгашуусу жана басым; ички жагы - бир нече элементардык мааниден турган татаал мааниси. Ар бир Сөз формасы белгилүү бир синтаксистик касиеттерге, б.а., башка Сөз формасы менен айкашуу жөндөмдүүлүгүнө ээ. Сөз формасынын синтаксистик белгилеринин жыйындысы анын синтактикасын түзөт. Синтаксистик белгилер менен маанинин элементтеринин ортосундагы байланыштар абдан татаал жана көп санда. Сыртынан айырмаланган, ал эми ички мааниси дал келген Сөз формасылары варианттар деп аталат (бейкүнөө - күнөөсүз, үмүткөр - үмүттүү, найүмүт -үмүтсүз, ж.б.).

Кээде Сөз формасыда омонимия да байкалат ("кара" - этиш, "кара" - сын, "кара" - зат). Сөздүн (лексеманын) бардык Сөз формасынын жыйындысы ошол сөздүн парадигмасын түзөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз тилинин лингвистикалык маалымдамасы. Б.:2015.-256 б. ISBN 978-9967-464-70-4