Сөөк суу

Википедия дан
Сөөк.

СөөкАрпа өрөөнүндөгү суу, Жамантынын (Алабуганын алабы)сол куймасы. Узундугу 45 км, алабынын аянты 535 км2. Фергана тоо тизмегинин түштүк-чыгыш капталынан башталып чыгышты, 13–15кмден кийин түндүк-батышты карай агып, Жаманты суусуна куят. Негизинен кар, мөңгү жана булак сууларынан куралат. Ири куймалары: Көкбел, Кара кол. Жылдык орточо чыгымы 2–2,5 м3/сек, эң көп чыгымы июнь–июлда,азы февраль – мартта байкалат. Апрель – сентябрда кирип,октябрь–мартта тартылат.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]