Табигый тең салмактуулук

Википедия дан

Табигый тең салмактуулук — экосистеманын узак убакыт бою тиричилик өткөзүшүн камсыз кылуучу чөйрөнү түзүүчү табигый компоненттер менен процесстердин теңдеми; биогендердин айланышынын балансы. Организмдер тобу аркылуу ишке ашат. Чөйрөгө таасир болгондо жогорку деңгээлдеги тактык боюнча биригип, анын туруктуулугун калыбына келтирүү механизми бар организм же организм тобуна ыңгайлуу шартты түзүү менен айлана-чөйрөнүн туруктуулугу узак мөөнөткө камсыз кылынат. Таасирден кийин баштапкы абалына келүү тирүү организмдердин компенсациясы менен ишке ашат. Ал убактылуу түрдө жогорку даражадагы туюк биохимиялык айлануудан четтөө аркылуу жүрөт. Бир нече мин жылда салыштырмалуу туруктуу абалдан четтөө кокустан гана болушу ыктымал. Бир туруктуу абалдан экинчисине өтүү мезгили түр пайда болууга кеткен убакытка тете. Ал эми адамдын чарбалык айрым иш-аракеттеринин чектен чыгышы табигый тең салмактуулукту бузат. Табигый тең салмактуулук бузулбаш үчүн чарбалык иш-чараларды табигый-ресурс потенциалынын чегинде алып баруу керек. Анткени биогендердин айлануусу организмдер тобу аркылуу жүзөгө ашат. Алар өз кезегинде кандайдыр бир аймакты ээлейт. Аймактын абалынын бузулуу даражасы биогендердин айлануусунун балансынын ажыроо даражасын мүнөздөйт.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]