Экологиялык тең салмактуулук

Википедия дан

Экологиялык тең салмактуулук — жаратылышта тирүү организмдердин түрдүк курамынын, алардын санынын, өндүрүмдүүлүгүнүн, мейкиндикте бөлүштүрүлүшүнүн жана ошондой эле каалаган табигый коомдоштугунда мезгилдик өзгөрүүлөрдүн, заттардын биотикалык айлануусунун жана башка биологиялык процесстердин салыштырмалуу туруктуулугу.

Экосистемалардын экология тең салмактуулугунун негизинде биотикалык заттардын айлануусунун туруктуулугу жатат. Бул айлануу - ар бир белгилүү экосистемада организмдердин саны жана түрдүк курамы, алардын метаболизминин тиби менен байланышкан өзүнүн өзгөчөлүктөрүнө ээ. Мында автотрофтордун (продуценттердин) жана гетеротрофтордун (консументтердин жана редуценттердин) катнашы, ошондой эле организмдердин жашоо - чөйрөсүнө жана бири бирине айрыкча ыңгайланышы чечүүчү роль ойнойт. Эволюция процессинде чогулган бул шарттардын жыйындысы экосистемалардын туруктуулугун же гомеостазын камсыз кылат. Көбүнчө түрдүн ар түрдүүлүгү экосистемалардын туруктуулугунун өлчөмү болуп саналат, ал канчалык жогору болсо, ошончолук экология тең салмактуулук бекем сакталат.

Берилген экосистема үчүн адат болгон чөйрөнүн шарттарынын туруксуздугу бир түрдүн санынын азайышына жана башка түрдүн санынын кескин жогорулашына алып келүү менен экология теңсалмактуулук бузулат. Ошону менен бирге, организмдердин табигый коомдоштуктары ар түрдүү зыян келтирүүчү таасирлерге каршы турууга жөндөмдүү жана адаттагы шарттардын калыбына келишинде алгачкы абалына жакын абалга калыбына келет, башкача атйканда алар белгилүү туруктуулукка ээ. Тигил же бул түр үчүн жагымсыз шарттарда, алардын жыштыгы төмөндөйт, бирок өтө ыңгайлуу шарттарда төлдүүлүгү жогорулайт, түрдүн жыштыгы, өнүгүү жана өсүү ылдамдыгы калыбына келет. Экол. теңсалмактуулук убакыт боюнча законченемдүү өзгөрүүлөрдү жокко чыгарбайт, ал берилген экосистеманын өнүгүү жана калыптануу процестери менен өз ара тыгыз байланышкан. Көбүнчө ар түрдүү биотикалык шарттардын өзгөрүшү гана эмес, атмосферанын газдык курамынын, гидрол. түзүлүштүн туруксуздугу, курчап турган чөйрөнүн глобалдуу булганышы ж. у. с., башкача атйканда табигый процесстердеги олуттуу жылыштар да экология теңсалмактуулуктан четтөөнү түшүндүрөт. Экологиялык теңсалмактуулук татаал жана өз ара байланышкан механизмдерин билбей туруп, жаратылышты аң - сезимдүү колдонууга, каалаган чарбачылык иштерин прогноздоого жана табигый чөйрөнү тиричилик үчүн жарактуу абалда сактоого мүмкүн эмес. Экологиялык теңсалмактуулукту сактоонун актуалдуулугу, ХХ к-дын экинчи жарымында таасири экосистеманын кайрылгыс бузулууларына алып келүүчү каражаттардын пайда болушу менен жогорулады.

Булактар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Биология: Энциклопедиялык окуу куралы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. -Б.:2004, ISBN 9967-14-002-4