Табиятты коргоонун бүткүл дүйнөлүк союзу

Википедия дан

Табиятты коргоонун бүткүл дүйнөлүк союзу 1948-жылы табиятты коргоонун эл аралык союзу катары уюшулган (англ. The World Conservation Union). 1956-жылдан табиятты жана табигый ресурстарды коргоонун Эл аралык союзу (ТКЭС; англисче: International Union for the Protection of Nature, IUPN). 1990-жылдан азыркыдай аталат. Ал табиятты коргоонун жалпы принциптерин жана стратегиясын иштеп чыгып, жаратылышты коргоо боюнча эл аралык кызматташтыкты жана улуттук саясатты аныктайт. Атайын түзүлгөн комиссиянын жана улуттук комитеттердин жардамы менен Жердин биотүрдүүлүгүн сактоо боюнча атайын конкреттүү программаларды иштеп чыгат. Кызыл китепти (жоголуп кетүү алдында турган жаныбарлар жана табиятты коргоого тиешелүү өсүмдүктөрдүн тизмеси жаңыланып турат) ж. б. документтерди басып чыгарат. Жылына 500дөй долбоордун ишке ашышына көмөктөшөт. 2005-жылы Табиятты коргоонун бүткүл дүйнөлүк союзуна 140 өлкөдөн 77 мамлекет (анын ичинде Россия), 114 мекеме, 800дөн ашык өкмөттүк эмес уюмдар мүчө болуп катталган. Ар бир 3–4 жылда союздун мүчөлөрү Эл аралык табиятты коргоо конгрессине (Генералдык Ассамблея) чогулушат. Алар эл аралык экологиялык саясатка түзөтүүлөрдү киргизип, иштелип чыккан программалардын аткарылышын көзөмөлдөйт жана ага баа беришет. Жогорку органы – союз. Аны президент жетектейт. Штаб-квартирасы – Гланд шаарында (Швейцария). 1999-жылы Табиятты коргоонун бүткүл дүйнөлүк союзуна БУУнун Генералдык Ассамблеясынын алдында байкоочу статусу ыйгарылган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]