Табыш Абдиев

Википедия дан

Өмүр жолу[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Абдиев Табыш Чүй областына караштуу Ысык-Ата районундагы Жер-Казар айылында 1934-жылы 6-октябрда жарык дүйнөгө келген. Табыш атасынан эрте ажырап калгандыгына байланыштуу эмгекке аралашып, эмгекчил болуп бой тартат. Ал эр жетип аскерде жүргөндө айдоочулукту үйрөнүп, өмүр бою ошол кесипте эмгектенген. Абдиев кандай гана иш болбосун майын чыгара жасап, өтөсүнө чыккан тың балдардан болгон. Ошол себептен анын ар дайым жасаган ишинин майнабы жогорку көрсөткүчтөргө жетишип, элинин алкышын алган. Табыш өз убагында өкмөт тарабынан бааланган.

Сыйлыктары[түзөтүү | булагын түзөтүү]

"Эмгек Кызыл Туу" ордени жана Ардак грамоталар менен сыйланган.

Абдиевдин эмгектеги ишмердүүлүгү жана үй-бүлөсү[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Колхоздо же башка жумуштагы иши менен күнү-күн, түнү-түн убакыт карытып жүрсө да, үй-бүлөсүнө көңүл буруп, балдарынын билим алышына, тарбиялуу адамдардан болушуна колунан келген аракетин кылып, мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берди. Байбичеси Эшималы кызы Жакшылык менен Айдар, Алмаз, Авас, Койсун, Бакыт, Райкүл, Бектемир, Гүлнур деген уул-кыздардын, небере-чөбөрөлөрдүн ардактуу ата-энеси, чоң ата, чоң энеси болушту.

Колдонулган адабият[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Инсандар таржымалы Бишкек-2007-ж.