Тагаев Шакир

Википедия дан

Тагаев Шакир 1951-жылы 25-февралда Сузак районунун Октябрь кыштагында туулган.

  • И. В. Мичурин атындагы орто мектепти, 1977-жылы Кыргыз Мамлекеттик Университетинин экономика факультетин аяктаган.
  • 1970-1972-жылдары Советтик Армиянын катарында кызмат өтөгөн.
  • Эмгек жолун 1977-жылы Бишкек шаарынын Ленин райондук каржы бөлүмүндө инспектор болуп иштеп баштаган.
  • 1980-2000-жылдары Кадамжай районунун каржы бөлүмүндө текшерүүчү, Кадамжай сурма комбинатынын каржы башкармалыгынын жетекчиси, Ноокен райондук каржы бөлүмүнүн жетекчиси, Сузак райондук салык инспекция башчысы, Кыргыз Республикасынын Эсеп палатасында башкы инспектор,
  • 2000-2015 жылдары Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинин экономиканы өнүктүрүү Мамлекеттик фондунун Жалал-Абад областтык аймактык өкүлчүлүгүнүн жетекчиси болуп эмгектенген.
  • 2016-жылы ардактуу пенсияга чыккан.
  • «Финансы-экономикалык кызматтын отличниги» жана "Финансы-экономикага кошкон салымы үчүн" төш медалдары менен сыйланган.
  • Кыргыз Республикасынын ардактуу аксакалы.
  • Багыш айыл кеңешине, Ноокен райондук кеңешке депутат болуп шайланган.
  • 2019-жылдын 10-августунда бул дүйнөдөн мезгилсиз кайткан.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ааламга кеткен жол айылдан башталат: Багыш айыл аймагы. – Бишкек, 2015. ISBN 978-9967-04-673-3