Тайландтын туусу
Таиланд | |
Бекитилген | |
---|---|
Колдонууга |
|
Пропорция |
2:3 |
Тайландтын туусу (тай. ธงไตรรงค์) — Тайландтын мамлекеттик белгилеринин бири.
Туу төмөнкү түстөрдөгү беш горизонталдуу тилкелерден турат (жогорудан ылдый): кызыл, ак, көк, ак жана кызыл. Ортоңку көк түстөгү тилкеси башка тилкелеринен эки эсе кең. Бул үч түс (кызыл, ак, көк) азыркы учурда Таиландтын расмий эмес урааны болгон эл, дин жана падыша деген маанини билдирет[1]. Туу 1917-жылы 28-сентябрда кабыл алынган. Тай тилинде туу «Тонг Трайронг» (тай. ธงไตรรงค์) деп аталат жана кыргыз тилине которгондо «үч түстүү туу» деген маанини билдирет[2].
Сиамдын биринчи желеги Сиам Нарай (1656-1688) падышасы учурунда пайда болгон жана кызыл түстө болгон деп божомолдонот. Бир катар булактарга ылайык, кийинчерээк кызыл түстөгү тууда ак чакра, чакранын ичиндеги ак пил же ак тегеректин ичиндеги күн сыяктуу ар кандай белгилер чагылдырылган.
Расмий түрдө биринчи туу 1855-жылы Монгкут (Рама IV) падышасы учурунда бекитилген. Бир түстүү желекти дипломатиялык багытта колдонууга каршы келген эрежелердин негизинде кызыл түстөгү тууда ак пил (падышанын белгиси) чагылдырылган.
1916-жылы азыркы учурдагы желектин вариантына окшош желек кабыл алынган, бирок ортоңку тилкеси эки четки тилкелерине окшош кызыл түстө болгон.
1917-жылы желектин ортоңку тилкесинин көк түскө өзгөртүлгөн. Көк түстү тандоонун бир нече себептери белгиленет. Биринчиси — Вачиравуд падышасы жума күнү төрөлгөн, тай маданиятына ылайык жума күнүнүн түсү — көк, экинчиси — Антанта блогу менен тилектештигин белгилөө үчүн[3].
Азыркы учурдагы Тайландтын желегинин түстөрү төмөнкүдөй маанилерди билдирет:
- көк — Рамы VI падышасынын түсү;
- кызыл — улутту билдирген түс;
- ак — диндин түсү.
Таиландта мамлекеттик туу менен бирге падышанын желеги чогу колдонулат. Учурдагы бул желек сары түстө жана ортосунда падышанын белгиси тартылган. Азыр бийликтеги Рама IX падышасы дүйшөмбү күнү төрөлгөн, тай маданиятына ылайык дүйшөмбү түсү — сары[4].
Туунун стандарттары
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түс
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Түс | CIELAB D65 | Башка түстөр | |||||||
---|---|---|---|---|---|---|---|---|---|
L | a | b | ΔE | RGB | HEX | CMYK | |||
Кызыл | 36.4 | 55.47 | 25.42 | ≤1.5 | 165-25-49 | #A51931 | C24-M100-Y83-K18 | ||
Ак | 96.61 | -0.15 | -1.48 | ≤1.5 | 244-245-248 | #F4F5F8 | C3-M2-Y1-K0 | ||
Көк | 18.63 | 7.89 | -19.45 | ≤1.5 | 45-42-74 | #2D2A4A | C87-M85-Y42-K43 |
Схема
[түзөтүү | булагын түзөтүү]
|
Аскер-деңиз флотунун желеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тайландтын аскер-деңиз флотунун желеги 1917-жылы кабыл алынган.
Деңиз желеги
[түзөтүү | булагын түзөтүү]Тайландтын деңиз желеги 1917-жылы кабыл алынган.
Тарыхый желектер
[түзөтүү | булагын түзөтүү]-
1855—1916 жж. туусу
-
1916—1917 жж. туусу
-
Сиам экспедициялык корпусунун желеги
-
Сиам экспедициялык корпусунун желегинин арткы бети