Тай-Ашуу

Википедия дан

Тай-Ашуу"Манас" эпосундагы топоним. Кара кытайлардын Молтокан менен Алооке кыргызды чаап Жакыпты Алтайды көздөй айдаганда "Өгүз-Ашуу, Тай-Ашуу", Кичи Жылдыз, Чоң Жылдызды" басып өткөн ашуу (Саякбай Каралаев, 1. 36 ). Манас баштаган кыргыздар Алтайдан Ала-Тоого көчүп келатканда ашат (Саякбай Каралаев, 1. 167). Шиңжаңдагы Жылдыз тоосунун ашуусу менен байланыштуу.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • "Манас" энциклопедиясы/Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору. Бишкек: Кыргыз энциклопедиясынын Башкы редакциясы, - 1995. 1-т. - 440 б. ISBN -5-89750-013-4