Талаа коргоо токоюн өстүрүү

Википедия дан

Талаа коргоо токоюн өстүрүү - которуштуруп эгүү талаасынын чегине токой тигүү.

Коргоочу токой өстүрүү системасына кирип, агро токой мелиорациясынын негизин түзөт. Токой топуракты эрозиядан сактап, суу, температуpa жана азыктандыруу режимин жакшыртат. Шамалдын ылдамдыгын басаңдатып, талаага карды кобуроок топтоп, топурактын курдуулугун арттырат. Кургакчыл жердин климат жана гидрол. шартын жакшыртып, аптапты азайтат, айыл чарба өсүмдүгүнүн түшүмүн көбөйтөт.


Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.