Талаа өсүмдүктүүлүгү

Википедия дан

Талаа өсүмдүктүүлүгү (боздоң) - кургакчылыкка жана суукка чыдамдуу көп жылдык чөп өсүмдүктүүлүгүнүн тиби.

Талаа өсүмдүктүүлүгү Түндүк жарым шардын көн бөлүгүн ээлейт. Акыркы жылдарда талаа жери айдоо аянтына айланган (мисалы, Европада коруктардан башка).

Европа жана Азиянын талаасында дан өсүмдүктөрүнөн ак кылкан, коңур баш, тоо сулусу, жылгын, ыраң ж. б. бир жана эки үлүштүү өсүмдүктөр, бадал сы- малдар өсөт. Талаа өсүмдүктүүлүгү жаанчыл мезгилге жана кургакчылыкка байланыштуу өзгөрүлүп турат. Талаа өсүмдүктүүлүгү Евразиянын көп бөлүгүн ээлеп, негизинен 3 типке: кадимки Талаа өсүмдүктүүлүгү (дан жана ар кандай чоп өсүмдүктөрү), шалбаалуу Талаа өсүмдүктүүлүгү (ар кандай чөп өсүмдүктөрү жана мамык чөп) жана чөлдүү Талаа өсүмдүктүүлүгү (дан өсүмдүктөрү жана ксерофиттер) болуп бөлүнөт.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Кыргыз Совет Энциклопедиясы. Башкы редактор Б. О. Орузбаева. -Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1980. Том 5. Пирс - Токкана. -656 б.