Талас заказниги
Көрүнүш
Талас заказниги — Талас Ала Тоосунун түндүк капталында, Кара-Буура, Күмүштак, Үрмарал сууларынын алабын ээлейт. Аянты 130 миң га. Тоо эчки, улар, кекилик ж. б. коргоо жана көбөйтүү максатында 1973-жылы уюшулган.
Колдонулган адабияттар
[түзөтүү | булагын түзөтүү]- “Кыргызстан” улуттук энциклопедиясы: 6-том. Башкы редактору Асанов Ү. А. К 97. Б.: Мамлекеттик тил жана энциклопедия борбору, 2014. 816 бет, илл. ISBN 978 9967-14-117-9