Талгакка байланышкан ишенимдер

Википедия дан

Талгакка байланышкан ишенимдер
Кош бойлуу аял ар түрдүү нерсеге талгак болушу мүмкүн. Андай учурда анын талгагынын жанышы үчүн күйөөсү милдеттүү.Кыргыздар аялдын талгагы канбаса бойдогу балага зыяны тиет деп чочулап, кандай гана нерсе болбосун издеп таап берүүгө аракет кылышкан. «Эгер талгагы канбаса, баланын бети башы чуңкурайып калат» деген ишеним да бар. Талгактын канбай калышы болочок инсандын тагдыры үчүн өтө манилүү экендиги жөнүндөгү ишеним эл арасында ар дайым жашап келген. Ош МУнун профессору, маркум агайыбыз Жээналы Шериевдин айтуусу боюнча, Түштүк Кыргызстандагы басмачылык кыймылдын көрүнүктүү өкүлдөрүрүнүн бири Ади паңсаттын апасы жыланга талгак болгон экен. Эки жолу жеп, биринде ал тургай бээ сааганы желеге бара жатып, жыланды кармап, тирүүлөй эле жеген экен. Бирок ошондо да талгагы канган эмес дейт. Кийин Ади паңсатты кучактышкан досу чыккынчылык кылып атып өлтүргөнүн уккан апасы: «Талгагым канбай калганда эле баламдын өмүрү кыска болорун билген элем» деп ыйлаган экен. Ади жылан сыяктуу көзүн ирмебей тиктеп, укканда да көзүн жумбай уктачу дешет. Ошондукттан азыр да Алайлыктарда: «Адидей тикирейип тиктебе» деп айтылып келет. Перзенттин ден соолугу жөнүндө күйүп-бышып кам көрүп, бары жокту жасаган эл эненин талгагын кандырууга бөгөт боло турган тоскоолдукка эч качан жол берген эмес. Талгак аял күсөп калса чочконун эти да адал деген ишеним эл арасына толук сиңип кеткен. Бул онтогонездин бойдо жетилүү учурунун өтө жоопкердүүлүгүн эл толук аңдап түшүнгөндүгүнүн далили. Талгак болгондо кош бойлуу келин жегиси келген тамакты алып келип берген адам чоң соопко кала деген ишеним да ошондон пайда болгон. Буга күйөөсү милдеткер экендигин жогоруда айта кеткенибиз, бирок аялы талгак болгон нерсени биринчи жеп койсо, толгоо келгенде күйөөсү аялынан мурун толгоо тартат деген ишеним жашайт. Талгак маселеси Ч. Айтматовдун «Кылым карытар бир күн» романында мыкты берилген, анда Эдигейдин аялы Үкүбала алтын мекре деген балыкка талгак болуп калганда, деңиздеги бороонго карабай кармап келип, аялынын талгагын кандырышы романда окуган адамдын ичин жылытпай койбойт. Кээде келиндин боюна бүткөн менен эч нерсени күсөбөгөн же көрүнгөндү самай берген учуру да болот, элде аны «ит талгак» дейт. Андай учурда жөн гана тамакты күчтүүлөп берүү сунуш кылынат.
А.Мурзакметов: «Ырым- жырымдар»