Талкуу:Биологиялык классификация

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Жаныбарлар тууралуу макалаларды жазууда алардын илимий кабыл алынган классификациясына туура келишин жана кыргызча макалаларда дагы классификацияларды баардыгыбыз бирдей аталышта колдонуубузду көздөп, академик А. А. Алдашевдин "Биология терминдеринин жана айбанат аттарынын орусча-кыргызча сөздүгү" китебинде кабыл кылган котормолорду туура деп эсептей колдонуп, орус уикисинде берилген макаладан алып, биологиялык классификациянын алгачкы үлгүсүн түзүп койдум.

Өзүм биология боюнча адис болбогон соң, бул макала биздин биология жаатына тийиштүү авторлордун көңүлүн өзүнө буруп, дагы толукталат деген ишенимдемин. Мен алгыр куштар тууралуу макалаларды баштап алып бул систематиканын керек болгондугунан улам кайрылып калдым.

Урматтоом менен, Чоробек.