Талкуу:Занби-Арт ашуусу

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Занби-арт жөнүндө алгачкы маалымат Махмуд Кашгаринин «Дивану лугат – ит-түрк» (Түрк тилдеринин сөз жыйнагы») деген эмгегинде кезигет. Ал боюнча Занби-Артты Кочңар (Кочкар)-Башы менен Баласагун шаарынын ортосундагы бир ашуу деп түшүнүүгө болот. Сөздүктө «занби» деген сөз чегиртке, «кочңар» болсо кочкор (мал) экени эскертилет. Бирок Баласагун шаары тууралуу бирдей пикир жок болуп туруп, Занби-Артты Шамшы ашуусу деп аныктоо туура эмес болуш керек. Бул бирөөнүн оюн (түшүнүгүн) башка бирөөгө таңуулагандык болуп калат. Анын үстүнө так изилденип бүтмөйүн Баласагын шаарын азыркы Токмок шаарына жакын жайгаштыруу туура келбейт. В. Бартольд (Собр. Соч. Т. 3. стр. 355); «...однако же они, повидимому доказывают, что Баласагун лежал северо-восточнее Ауле-Ата» («Олуя-Ата», совр. Тараз). Муну археологдор да моюнга алышкан; «В первый год работ Чуйского отряда Л.Р. Кызласов, опираясь на мнение А.Н. Бернштама, полагал, что Ак-Бешим является древним Баласагуном. Однако материалы раскопок 1953–54 гг. И пересмотр материалов, добытых в 1938–40 гг. А.Н. Бернштамом, позволили сделать вывод о том, что городище Ак-Бешим было населенным городом лишь в 6–10 вв. (и не позже), следовательно, не могло быть историческим Баласагуном – столицей караханидов 11–12 вв., городом, просуществоващим, согласно письменным источникам, вплоть до 14 в.» (см. Кожемяко П.Н. Раннесредневековые города и поселения Чуйской долины. Фр. 1959. стр. 18.). Экинчиден Мухаммед Хайдарда («Тарих-и Рашиди», А., 1999, стр. 423) да Бурана жөнүндөгү маалыматтар так эмес. Сөзмө-сөз; «В Моголистане есть еще много городов, от высоких зданий которых сохранились следы, а некоторые из них сохранились целиком и не подверглись разрушению. В Джуде (мүмкүн Чүй) в одном месте имеются следы большого города. В нескольких местах сохранились минареты, купола и медресе. Поскольку никто не знает названия этого города, то моголы называют его Минара». Муну азыркы Бурана деп айтууга болбойт. Анткени андан ары автор; «Там еще есть купол и каменная плита, на которой почерком насх выдолблено: «Это могила великого человека, доискивавшегося истины, и совершеннейшего шейха, сосредоточившего в себе передаваемые и постигаемые умом [истины], знатока основ и ответвлений законоведения Имама Мухаммада, баласагунского законоведа, скончавшегося в 711 (1311 — 1312) году. Написал это 'Умар ходжа Хаддад». Джуд — местность в Моголистане. Протяженность ее — месяц пути. Городов, подобных [Минара], много» дейт. Үчүнчүдөн Махмуд Кашгаринин эмгегинде Баласагын тоолорунда Кулбак деген такыба адам (дербиш) жашап, ал бир ташка «кудайдын кулу Кулбак» деп жазып койгону эскерилет (кара: Чоротегин Т.К. Махмуд Кашгари (Барскани) жана анын «Дивану лугати т-түрк» сөз жыйнагы (1072–1077). Б., 1997, 131-б.). Эми ошол жазуу Талас өрөөнүндөгү Кулансай, Терексай капчыгайынан (Талас шаарынын 20 км түндүк-чыгышы) табылган. Болгон айырмасы В.А. Лившиц аны «кудайдын кулу Күлтак» деп окуган (кара: Джумагулов Ч. Эпиграфика Киргизии Выпуск 3. Фр., 1987. 5-6-б.]. Демек Баласагун тоолорун азыркы Александровский тоо кыркасы дешке да болбойт (Александровский хребет составляет среднюю часть северной складки Тянь-Шаня, начинающейся на З невысоким хребтом Кара-тау и продолжающейся на В в хребте Кунгей-Алатау на северном берегу озера Иссык-Куль), ал анын кичине гана бөлүгү (Талас Ала-Тоосу). Эми Кочкар-Башы деген топонимге токтололу. Анткени ал маалымат Абу Са'ид Гардизиден («Зайн ал-Ахбар» кийинки басылышы Ташкент. Фан. 1991) алынган. Бирок аны менен Кочкор-Башынын так жайгашкан жерин аныктоо мүмкүн эмес. Цитата; «Когда Илиг прибыл в Испиджаб, Абу 'Али написал Илигу письмо и склонился на его сторону. Илиг пришел в Бухару и остановился в Джуй-и Мулийане в месяце раби ал-авваль года триста восемьдесят второго. Нух писал письма к Абу 'Али и посылал гонцов: приходи, дескать, ибо прибыл хан. Абу 'Али, разумеется, этими письмами обеспокоен не был. [Нух] просил у него войска, [но] он тоже не послал. Хан некоторое время хворал почечуем и ушел. При уходе он поручил управление [государством] 'Абдал'азизу, сыну Нуха, сына Насра, подарил ему прекрасный халат и сказал: «Мы отрешили Нуха от правления и [правление] поручили Тебе». Илиг дошел до Кочкар-баши хан помер, [и] Нух прогнал 'Абдаллаха, сына Мухаммада, сына 'Азиза, от управления в Хорезме». Сөздүн баары азыркы Ташкент оазисине жакын жерлерге байланышкан. Анан Богра хан Бухарадан Кашкарга баруу үчүн эмне үчүн азыркы Кочкор өрөөнү менен өтөт деген сууро туулат. Ашуу, капчыгайлары көп, айланып калат. Эң жакын жана оңтойлуу жол Ош (Фергана) аркылуу жатат. Ошондуктан В. Бартольд (Собр. соч. Т. 2. Стр. 507) бул жерге «балким» («быть может») деген сөздү колдонгон; «Богра хан (Гардизи боюнча Илиг хан) умер по дороге в Кашгар в местности Кочкар-баши, быть может недалеко от истока Чу, еще и теперь называемого Кочкаром». Демек Занби-Арттын так орду аныкталмайын, бул жерге (википедияга) ал маалыматтар тууралуу гана маалыматтар берилиши керек эле. Бардык макалалар так аныкталгандан кийин бир бүтүм чыгарууга болот.