Занби-Арт ашуусу

Википедия дан

Занби-Арт ашуусу (Перевал Занби-Арт) – Токмоктун түштүгүндөгү Шамшы ашуусунун (бийиктиги 3570 м) Махсуд Кашгари 11-кылымда жазып калтырган адепки аты. “Занби” сөзү кийин “Шамшы” болуп өзгөрүп кетсе керек. Бул ашуу Кочкор жана Чүй өрөөндөрүн байланыштырат. Караханийлер кагандыгынын тушунда Занби-Арт ашуусу аркылуу Баласагун менен Кочкор-Башы (Кочңар-Башы) калааларынын калкы бири-бири менен катташып турган.

Колдонулган мадабияттар:[түзөтүү | булагын түзөтүү]

1. Урстанбеков Б.У., Чороев Т.К. Кыргыз тарыхы: Кыскача энциклопедиялык сөздүк: Мектеп окуучулары үчүн. – Фрунзе: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын Башкы Редакциясы, 1990. 113 б. ISBN 5-89750-028-2
2. Кыргыз Совет Энциклопедиясы: 6 томдук/ Башкы редактор Орузбаева Б. Ө./ - Ф.: Кыргыз Совет Энциклопедиясынын башкы редакциясы, 1977-1980. Т.1-6.