Талкуу:Кыдыр аке, Байсары уулу
Кичинеден болсо дагы киргизилип жаткан макалаларды башка маалыматтар менен салыштырып, текшерип туруу зарыл го. Мисалы, Кыдыр аке Мамдуманын 4-чакырылышынын же андан мурунку чакырылышын депутаты болгон эмес. Мына "Б" тамгасы менен башталган депутаттар: Бадаев А.Е. Бажанов И.А. Байтеряков Г.Х. Балашев П.Н. Депутаттардын толук тизмесин Депутаты государственной думы (портреты и биографии) четвертый созыв 1912 – 1917 г. (Составитель М.М. Бойович. М. 1913) карап көрсөңөр болот эле. Анда Кыдыр акенин фамилиясы да жок. Депутат болуу башка, делегат деген башка. Кыдыр аке Романовдордун такка отурушунун 300 жылдык тоюна делегат болгон. Жергиликтүү, орус эмес элден казак Сат Ниязбеков, Кыдыр (документте Кадыр) Байсарин жана илелик уйгур Джемалитдин Джелилов барган.
Өмүр баяны , туулган жылынын тактыгы
[булагын түзөтүү]Кыдыр Аке- даанышман, ойчул, эли үчүн , элинин тагдыры үчүн алардын маңдайына шам болуп жагылып, ысыгына күйүп, суугуна тоңгон, алдыны көрө билген кыргыздын кыраан инсаны 1943 жылы туулган.
Бул так маалымат экендигин Бир нече мисалдар менен далилдеп бергим келет. Тарыхчы Кыяс Молдокасымов бир кагазга таянып, же аны баса көргөзүп мына дебестен туруп туулган жылы туура эмес деп келет. Кыдыр Аке даанышман чоң атам 1926 жылы 83 жашында кайтыш болоордо өзүнүн айтканы бар," Оо жарөткан Эгем менден бир жашыңды аядыңбы" деген, Аны жанында турган уулдар,биздин аталарыбыз, ар дайым айтып, бизге, элге даана так экендиги далилденип келген, Ошол сөзүнө карата уулдары, тегеректеп турган эл билгилери, сакалдуулар маанисин сураганда айткан экен , 84 жашка чыккан адам миң айдын жүзүн көрөт, жаңы бейиштик болот деп.
Дагы бир мисал аталарыбыз, айыл аксакалдары, куйма кулак болгон санжырачы чечендер, албетте чоң атабызды көргөндөр ," Акенин Төөгөчү уулу 28 жашында көргөн уул баласы болгон, ал уулу 19 жашында каза болуп калган деп биздин кулагыбызга да көкүрөгүбүзгө да кыттай уютулуп, атабыздын тарыхын баян кылышкан.
Кыдыр атабыз 18 жашында бийликке келгендигин да аныктап айтышчу, бирок биз бүгүн архивдик мөалыматтарга таянуу менен, 1867 жылдан тартып Түркстан губерниясы уюшулган мезгилден тартып ага каратылган областтардын баарында анын ичинде Жети- Суу облусунун Кара_ Кол уездинде да болуштук системам киргизилгендигин билебиз. Ага чейин Кыдыр Акени Арык тукуму элинин башына 18 жашвнда бийликке эл өзү тандап коюп алышкандыгын аталарыбыз так , даана далилдери менен баса белгилеп айтып келишкен, Кыдыр Атабыздын уулдары эң акыркысы 1992- жылы көз жуумп жатат, биз ал аталарыбыздан Акебиздин тагдырын, тарыхын, өлбөс- өчпөс даңазалуу өмүр жолун тастыктап, жадыбалдай жааттап келгенбиз, 18 жашында бийдикке Арык тукуму элинин бийи болуп шайланып, 1868 - жылдан тартып болуштукка шайланган деп өз уулу Кыдыров Ш-ш-ш амий атабыздан бир нече жолу төстыктап сурап алганмын,
Ал эми Алмата (мурдагыВерный шаары) шаарынан алынып келинген архивдик маалыматтар боюнча азырынча 20 жыл бою болуштукта болгондугу жазылгандыгын билдик,
Тарыхчы Кыяс Молдокасымовдун Кыдыр Акенин урпактары архивдик изилдөө жүргүзбөй жатат дегенсөзүн биз четке кагабыз жана бул тарыхчыга айткым келет. Сиз билбесеңиз эле изилденбей жатат деп оцлойсузбу же ар бир архивге барган адам сиздин алдыңыздан өтүп, жарыя кылып туруш керек беле.
Сиз бир макалаңызда "былтыр Кыдыр Акенин 180 жылдык тоюнда оюмду айтсам, урпактары мени төө бастыга алды" деп жатасыз, жок, жаңылышасыз, улуу инсан Кыдыр Акенин урпактары ата- бабадөн калган улуулугун сактап, атабыздын тоюнда Эл атасыдеп Кыдыр Акебиздин кадырын сактап сизге унгугушпады, дале унчукпай келишүүдө.
Сиз бир канча жылдан бери өчү бар немедей эле урпактарына асылы
п келесиз негедир, себебин ачык билдирсеңиз жакшы болмок, биз да билгибиз келет
Архивдик маалыматтарды окугуңуз келсе Ак Суу райондук Кыдыр Аке атындагы аймактык тарыхый музейине кайрылыңыз.
Сизден бир далилинизден кабарым бар, 1913 - жылы Романовдордун бийликке келишинин 300 жылдык мааракесине 68 жашында барган дегенби ушундай,
Ага мен мындай ойду айткым келет, балким бир версиясында ал жакка 70 жашка чейинки адамдар жиберилиш керектир, балким жашын губерниядан төмөндөтүп коюшкандыр, дагы көптөгөн версиялар бар, эмне азыркы так маалыматтын, интернеттин заманында эч бир каталыктар кетпей жатабы.
Азырынча ушул, балким суооңуз болсо жооп берээрмин.
Талкууга катышкан Кыдырова Жумакан Сыдыковна,
Мен чоң атамдын атына чакырылып жүргөнүмө ыраазымын жана ал адамдын татыктуу небереси катары тарыхтын тактыгын далилдегим келет