Кыдыр аке, Байсары уулу

Википедия дан
Кыдыр аке.

Кыдыр аке Байсары уулу (1843, азыркы Ак-Суу району, Сары-Жаз өрөөнү, Кайыңдынын Байыш жайлоосу — 1926, Ак-Суу району, Кереге-Таш айылы) — бугу уруусунун арык уругунан чыккан манап, Ысык-Көлдүн жети акесинин бири.

Өмүр баяны[түзөтүү | булагын түзөтүү]

Калмак менен кыргыздардын ортосунда элчи катары белгилүү болгон Олжобай бийдин небереси. 1861-жылы 18 жаш курагында болуш болуп шайланган. Романовдор династиясынын 300 жылдык салтанаттуу мааракесине Каракол уездинен кадырман делегат катары чакырылган. Эки элдин ортосундагы байланышта көрсөткөн ишмердиги үчүн ага күмүш медаль жана подполковник чини ыйгарылган. Калыстыгын, акылмандыгын эл баалаган.

1916-жылдагы Үркүн окуясы учурунда Ысык-Көл өрөөнүнүн баарык айылдары Кытайга качканда, Кыдыр аке Орусия империясындагы өзүнүн баркынын бийиктигине байланыштуу өзү жашаган Кереге-Таш, Сары-Камыш, Кайырма-Арык жана башка коңшу айылдарды орустардын куугунтугунан аман сактап калган.

1993-ж. анын 150 жылдыгы белгиленип, Кереге-Таш айылынын четине бийиктиги 16 м келген күмбөз тургузулган.

Колдонулган адабияттар[түзөтүү | булагын түзөтүү]

  • Ысык-Көл облусу энциклопедия. —Бишкек, 1994.