Талкуу:Кыргыз тилинин азыркы абалы

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Буйрутма, аким, учак, түшүрүм деген сөздөр жакты, бирок телевизор менен радиону тим эле коюш керек деп ойлойм. А тиги область деген сөздү обулус десе жетишет ко дейм. --158.181.15.77 11:25, 11 июль 2012 (UTC)[жооп берүү]

Жакшы маселе көтөрүптүр, бирок кезегинде автордун өзү дагы ушул кыска макаланын ичинен бир нече одоно каталарга жол берген. Бир тилден кирген сөздөн баш тартуу менен сөзсүз башка бир экинчи тилдеги сөзгө өтүү керекпи? Мисалы, "түркий" эмес, накта кыргызча эле түрк тили деп айтсак эмне болот? "Монгол" эмес, моңгол (Ң) болушу керек эле. Автор "Ээр Манас атты отко салды" деп жатпайбы, деп мисал келтирип, кайра аны чечмелеп, "Эр" менен "ээр"дин айырмасын билсек, "оттоду" менен "отко салды" алмаштырган деп түшүндүрөт. Бул жерде "оттоду" деген сөздүн ордуна "отко койду" деген сөз туура келет.

Андан ары Фарси тилинен кирген «бей» мүчөсү кыргызча «сыз» мүчөсүнө туура келип, "жок" дегенди билдирет деп, бейбаш – башсыз, башы жок, бейбак – бактысыз, багы жок, бейтаалай – таалайсыз, таалайы жок деп түшүндүрүлүптүр. Бул жерде "бейге" байланышкан сөздөр атайынбы же билбегендиктенби - айтор бурмаланган экен. 1) бейбаш деген сөз "башсыз" эмес, "тентек", "тарбияга баш ийбеген" деген мааниде. Булардын бейкут деген түшүнүккө эч кандай байланышы жок. 2) кыргызда "сыз" ("кем" деген мааниде) деген мүчө көбүнчө сөз аягында колдонулат, мисалы "сөзсүз", "суусуз", "тузсуз", ошол эле "кутсуз" ("куту жок" деген мааниде). Өзүңүз ойлоп көрүңүз, "сөз жок" дегендин ордуна "бейсөз", "суусу жок" дегендин ордуна "бейсуу", "тузу жок" дегендин ордуна "бейтуз" дегенди. "А-а ушундан кут кетти", "кут качты" дешет, бирок анын ордуна ошондой куту качкан адамды мобу "бейкут киши" дешке болбойт. Мааниси бузулат. "Бейкут" дегенди илгертен бери тынччылык деп түшүнчүбүз. Биздин ата-бабалар мындай сөздү туура түшүнгөнү үчүн пайдалангандыр, же оюна келгенди оттой беришкен деп ойлойсуңарбы?