Талкуу:Улуу Кыргыз Дөөлөтү

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Макаланын аталышы туура эмес коюлган деп эсептейм. Анткени тарых илиминде бул мамлекет "Кыргыз Кагандыгы" деп аталат. "Улуу Кыргыз Дөөлөтү" деген Кыргыз Кагандыгынын периоду болуп эсептелет (840 – 924). Макаланын атын "Кыргыз Кагандыгына" өзгөртүү чечимин колдосоңуздар, өзгөртөйүн. Ошондой эле байкаңыздар, кыргыз википедиясында Кыргыз кагандыгы жөнүндө үч макала бар экен. Экинчиси: Энесай Кыргыз Кагандыгы. Үчүнчүсү: Эне-Сай Кыргыз Кагандыгы. Ал макалаларды жакында жоюу сунушун берели. Moty bqmaa (баарлашуу) 03:59, 3 сентябрь 2023 (UTC)[жооп берүү]

@Moty bqmaa Туура. 840-924 - Кыргыз кагандыгынын белгилүү бир периоду. Эгерде ал период тууралуу маалымат жетиштүү болсо жана ал период тууралуу өзүнчө макаланын кажети бар болсо, анда "Улуу Кыргыз Дөөлөтү" деген макаланын болгону оң. Ал макала жалаң тийиштүү периодду чагылдырышы керек. Кыргыз кагандыгы тууралуу макала болсо Кыргыз кагандыгынын бүт тарыхын чагылдырышы керек.
Бул макала калсын десек, аны макаланын предметине ылайыкташтыруу керек. Макалага туура келбеген маалымат негизги макалага ("Кыргыз кагандыгы" макаласына) көчүрүлүшү кажет. Bosogo (баарлашуу) 08:40, 3 сентябрь 2023 (UTC)[жооп берүү]