Талкуу:Ырчыуул

Барактын мазмуну башка тилдерде жеткиликтүү эмес.
Википедия дан

Саламатсыздарбы? Элим учун, жерим учун колумдан келген жардамымды бергенге дайым даярмын. Бирок кандай жардам беришим керек, кандай маалыматтарды топтошум керек ал жонундо маалымат алгым келет.

Саламатсызбы! Макала жазууга(1), которууга(2) же мурун кошулган макалаларды оңдоого(3) каалоңуз бар болсо, кош келиңиз! Биринчи кадам - Кыргыз Уикипедияга каттоодон өтүү. Каттоодон өткөн колдонуучунун аты даярдаган макалалардын тарыхчасында калат, ар бир саламыңыз эсепке алынат, сизге тиешелүү маек баракчаңыз ачылат. 1.Жакшы билген теманы тандап, башбарактын оң жагындагы терезечеге аталышын жазуудан баштап, "жаңы макала баштоо" деп буйругуңузду тастыктаган соң, жаңы баракча ачылат. Бул баракчага тексттиңизди жазып же мурун даярдалган документтен көчүрүп койсоңуз болот. 2. Башка тилдердеги Уикипедиядан алынган макаланын аталышын жогоруда айтылгандай киргизип, ачылган жаңы баракчага котормоңузду жаза аласыз. 3. Башбарактын ылдый жагында "Макаланы оңдоо" бөлүмү бар. Ишиңиз илгери болсун! Aidabishkek 12:18, 26 Ноябрь (Жетинин айы) 2007 (UTC)