Ырчыуул

Википедия дан

Уламыш боюнча «Манасты» биринчи баштап айткан адам кырк чоронун бири - Ырчыуул. Анын чоролор арасында өнөрү да ырчылык.

“Ырамандын Ырчы уулу,
Ырдап айткан кебимди.
Канчалар кордук кылганда,
Кайраным тапкан эбимди”,
– деп, Манас баа берген.

Ырчыуул, өз аты Каратай,- «Манас» эпосунун варианттарынын бардыгында кырк чоронун катарында «Ырамандын Ырчыуул» деген ылакап аты менен аталат да өз ысымы эскерилбейт. Сагымбай Орозбаков вариантында Манастын Орго кан менен болгон согушунда Оргонун аялы Санамкүл өзүнүн эки баласын жана увазир Ырамандын баласы Каратайды алып, Манаска көп тартуу менен келип жан соога сурайт. Каратайдын ишке жөндөмдүү, өзү сөзмөр, шок, ар нерсеге ыктуулугун байкаган Манас аны Санамкүлдөн жигиттикке сурап алат. Кийин Каратай аты калып Ырчыуул деген ылакап аты менен белгилүү болот.
Айтканынын баар таап,
Талабына жеткен кул,
Ырамандын Ырчыуул,
Ычкыры бапик, кырк муун,
Тебетейи чоктуу кул
Айтаарга сөзү шоктуу кул,
Кылабына толгондо
Кырк чоронун бири бул.
Сагымбай Орозбаков вариантында Ырчыуул «Насили казак улуу жүз» деп эскерилсе, кийин ал өзүн тейитмин дейт.
Саякбай Каралаев вариантында Ырчыуул атайылап Манасты издеп чыгып, ага жолугуп чоро болот. Манаска адил кызмат өтөө менен бирге, ал өлгөндө анын уулу Семетейге башка чоролордой чыккынчылык кылбайт, ага колдон келген көмөгүн көрсөтөт.
Ырчыуул чоң ырчы катары эл көп чогулган жыйындарда, тойлордо жарчылык милдет аткарат Манас баатыр каза болгондо анын каармандык иштерин, эрдиктерин ырчы чоросу Ырчыуул кошок кошкон экен.

Кээде Жайсаң ырчы менен бир адам катары көрүшсө, кээде эки башка адам катары санагандар бар.

Айрым шилтемелер[түзөтүү | булагын түзөтүү]